Айлардын кыргызча аталышы

Айлардын кыргызча аталышы

Жер планетасындагы жыл, адатта, он эки айга бөлүнөт. Кыргыз эли байыркы замандан бери жыл сүрүү, анын ичинде ай аталыштарын колдонуу боюнча өз алдынча системаны да пайдаланып, эл аралык тажрыйбаны да эске алып келген.

Кыргызча айлардын аттарын сыпаттап берүүдө Евразияда, анын ичинде Борбордук Азияда таркаган жыл эсебинин системаларын туура таразалоо керек.

Биринчиден, Борбордук Азияда ар кыл түрдө жыл эсеби жүрүп келген. Бири - күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси - ай жылнаамасына таянган.

Күн эсеби менен бир жыл 365 (366) күн болсо, ай эсеби менен 354 (355) күн болгон.

Бул айларды европалык салттын айына механикалык которуу кылуу туура эмес, анткени орустун айы күн эсеби менен эсептелген айдан 20 (21) күн айрымасы бар.

Этнограф Гродеков тарабынан жазылган айдын аттары араб тилиндеги күн эсеби менен жазылган айлардын аттары. Бул ай эсеби Борбордук Азияда, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиядада колдонулат. Арабча деп жазылган ай календарына негизделген ай аттары Ислам дининин жыл эсеби болуп бардык мусулман өлкөлөрүндө колдонулат.

Кыргыздын нагыз ай аттарын ирээттөө жана аларды азыркы европалык календарга салыштырма тогоштуруу - академик, профессор Кусейин Карасаевдин вариантында ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.
КыргызчаОрусчаУйгурчаАрабчаКазакча
1Жалган КуранМартҮчүнчү айМухаррам жыл башыНаурыз
2Чын КуранАпрельТөртүнчү айСафарСәуір
3БугуМайБешинчи айРабигуль-аввальМамыр
4КулжаИюньАлтынчы айРабигуль-ахырМаусым
5ТекеИюльЖетинчи айЖумадиль-аввальШілде
6Баш ОонаАвгустСегизинчи айЖумадиль-ахырТамыз
7Аяк ОонаСентябрьТогузунчу айРажабҚыркүйек
8Тогуздун айыОктябрьОнунчу айШабанҚазан
9Жетинин айыНоябрьОн биринчи айРамазанҚараша
10Бештин айыДекабрьОн экинчи айШавалЖелтоқсан
11Үчтүн айыЯнварьБиринчи айЗулькаадаҚаңтар
12Бирдин айыФевральЭкинчи айЗульхижжаАқпан

Мусулман ай календарындагы айлар улам жылып турат. Кыргыз ай аталыштары күн жылсанагына негизделгендиктен, ордунан жылбагандыгы менен баалуу.

1889-жылы Н.И.Гродеков тарабынан жазылып алынган казак, кыргыздарынын ай аттарынан:

Делү - январь (челек-чака)
Кут - февраль (балык)
Камал - март (козу)
Соор - апрель (бука)
Жүзө - май (эгиз)
Саратан - июнь (рак)
Асат - июль (арстан)
Сүмбүл - август (машак)
Мыйзам - сентябрь (тараза)
Акрап - октябрь (чаян)
Коос - ноябрь (жаа)
Жеди - декабрь (улак)

Айтмакчы, ай календарына негизделген араб ай аттары мында салыштырмалуу түрдө берилди, анткени, маселен, мухаррам айы күн календарындагы бардык айларга акырындап жылып отуруп өтө берет (бул күн календарындагы жылга караганда, ай календарындагы жылдын дээрлик 10 күнгө кыска болушуна багыныңкы).

Жыл сүрүүнүн мындай өзгөчөлүгүн эске албастан, айрым календар чыгаруучулар калпыстык менен араб ай календарынын аттарын кыргыздын күн календарынын ай аттарына жармаштыра беришет.

Кыргыздын жыл сүрүшү

Жыл сүрүү менен байланыштуу 12 жаныбардык циклди колдонуу салты жалпы түрк-монгол көчмөн цивилизациясынын байыркы орток башатына байланыштуу.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жылдар аралыгында туулган Махмуд Кашгари Барскани да он эки жаныбардын ысымына негизделген системанын келип чыгышы тууралуу бир уламышты мындан он кылым илгери, 1072-1077-жылдары жазылган "Дивану лугати т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөзжыйнагы" эмгегинде таасын чагылдырган.

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “доңуз”аталат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь боюнча берилиши

  1. Чычкан 1924193619481960197219841996200820202032
  2. Уй 1925193719491961197319851997200920212033
  3. Барс 1926193819501962197419861998201020222034
  4. Коён 1927193919511963197519871999201120232035
  5. Улуу 1928194019521964197619882000201220242036
  6. Жылан 1929194119531965197719892001201320252037
  7. Жылкы 1930194219541966197819902002201420262038
  8. Кой 1931194319551967197919912003201520272039
  9. Мечин 1932194419561968198019922004201620282040
  10. Тоок 1933194519571969198119932005201720292041
  11. Ит 1934194619581970198219942006201820302042
  12. Доңуз 1935194719591971198319952007201920312043

Колдонулган адабият

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Али Дашман. Кыргыз жана түрк тилиндеги ай аттары //(Бишкек, 2006), КУУнун жарчысы, Сер.1.-№ 4.-Б., 2006.-338-340-б.

Интернеттеги шилтемелер