Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты

Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты – мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу, алгачкы, түпкү деңгээли.

Бул деңгээлден төмөн түшүүгө болбойт, ошол деңгээл гана адамга өз алдынча билимин улантууга, өзүнүн турмуш жолун туура аныктап алууга мүмкүндүк берет. Демек, стандарт – коом тарабынан ар бир атуул кепилдене турган билимдүүлүктүн мамл. нормасы. Мындай норма окуучулардын билим деңгээлин өлкөнүн ичинде жана андан тышкары жерде салыштырып баалоого мүмкүндүк берет.

Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты билимдүүлүктүн деңгээли менен аныкталат. Билимдүүлүктүн деңгээлин сандык көрсөткүчтөр менен баалоого болбойт. Ал милдеттүү окуу жылдарынын саны менен да, окуу предметтеринин тизмеси менен да, окуу программаларынын сапаттары менен да, окуу материалынын көлөмү менен да, аттестаттагы баалар менен да ченелбейт. Билимдүүлүктүн деңгээлин мындай көрсөткүчтөр менен баалоо стандарттык-бюрократтык структураларда гана орун алат. Чындыгында билимдүүлүктүн деңгээли – адамдын практикада активдүү ойлоно билгичтиги жана ишмердүүлүк жөндөмү, б. а. анын эмнени иштей ала тургандыгы жана татаал проблемалык ситуацияларда эмнеге жөндөмү бар экендиги.

Муну аныктап билүү оңой иш эмес, мындай жөндөмдүүлүктү калыптандыруу андан да татаал. Аны туура аныктоо кеминде төмөнкүдөй талапты камсыз кылууну милдеттендирет:

1) билим берүүнүн мазмуну бүткүл адамзаттык баалуулуктарды камтыш керек, ансыз жалпы кабылдануучулук (признание – конвертируемость) болбойт;
2) этникалык, улуттук жергиликтүү материалдар оптималдык максималдуу камтылуусу керек;3) окуу материалы окуучуларга жеткиликтүү болууга тийиш.


  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,