Карасаева Алтынай Хусеиновна

Карасаева Алтынай Хусеиновна (1939-жылы туулган, Москва облусу, Кунцева району, Одинцов айылы) – медицина илимдеринин доктору (1985), профессор (1993). КмМИни (1963), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн (1966). 1966-жылдан КММИде ассистент, доцент болуп иштеген. 1976-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Бийик тоо физиологиясы жана эксперименттик патология Илим изилдөө институтунда лаборатория башчы, КММИде кафедра башчысы (1985–2000), 2000-жылдан КРСУда профессор Нормалдуу жана патологиялык физиология боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде бир нече монографиясы бар. Эмгектери: Механизм регуляции сократимости гладкомышечных клеток сосудов легких при гипоксии. Ф., 1986.

Колдонулган адабияттар