Окутуу методу

Окутуу усулу(методу) –окуучуларга билим, билгичтик, көндүмдөрдү берүүгө, аларды тарбиялоого ж-а өстүрүп өнүктүрүп чыгармачыл инсандыкка даярдоого багытталган мугалим м-н окуучулардын арасындагы өз ара максаттуу биргелешип аракеттенүүлөрүнүн ыкмасы.

Демек, окутуу методу үч нерседен: окутуунун максатынан, окуучунун окуп үйрөнүү ыкмаларынан ж-а окутуучунун (мугалимдин) окутуу ыкмаларынан турат. Эгерде бул үчөөнүн ар бирин өз-өзүнчө айрым алып карай турган болсок, анда биз О. м-дору жөнүндөгү суроого даана жооп ала албайбыз. Мис., окуп үйрөнүүнүн ыкмаларын эсепке албай туруп О. м-рун анын жалаң максаттары б-ча гана аныктагыбыз келсе, анда ал максаттарга жетишүү үчүн жасалуучу аракеттерге туура келүүчү метод кандай боло турганын аныктоо мүмкүн эмес. Эгерде биз окуп үйрөнүүнүн законченемдүүлүктөрү м-н гана чектеле турган болсок, анда өздөштүрүп кабылдоо кандай максаттарга багытталгандыгы ж-а эмнени өздөштүрүп кабыл алуу зарыл экендиги түшүнүксүз болуп калат. Ал эми окуп үйрөнүүнүн максаттарын ж-а законченемдүүлүгүн билбей туруп, мугалимдин окутуунун максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу иш аракеттеринин эффективдүү ыкмаларын табууга болбойт. Ошондуктан окутуу методдорун ж-а окуп үйрөнүү методдорун өз ара бир-бирине ж-а окутуунун максаттарына туура келтирбей айрым-айрым аныктоо мүмкүн эмес.

Окутуунун максаттары билим берүүнүн мазмуну м-н аныкталат, ал эми билим берүүнүн мазмуну болсо төмөнкү төрт элементтен турат: Билим берүүнүн мазмунунун элементтери.

  • 1) Жаратылыш, техника, коом, адам жөнүндөгү ж-а ишмердүүлүктүн (эмгектенүүчүлүктүн) ыкмалары жөнүндөгү билимдердин чыгуусунан;
  • 2) Ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбалары (билгичтиктер ж-а көндүмдөр);
  • 3) Чыгармачылык ишмердүүлүктүн (эмгектенүүнүн) тажрыйбасы (чыгармачылык м-н эмгектенүү атайын интеллектуалдуу иштерде кездешет, аны күн мурунтан алдын ала жөнгө салынуучу аракеттердин системасы катарында көрсөтүү мүмкүн эмес);
  • 4) Айлана-чөйрөдөгү реалдуу чындыкка, анын ар кандай көрүнүштөрүнө ж-а сфераларына, башка адамдарга эмоциялуулук м-н мамиле кылуунун тажрыйбасы.


Окутуунун максатын, демек, үйрөнүлүүчү мазмундун жогоруда көрсөтүлгөн элементтерин (түрлөрүн), о. эле аларды өздөштүрүүнүн ыкмаларын билүү м-н биз окутуунун ар кандай методундагы мугалимдин да ж-а окуучунун да эмгектенүүсүнүн спецификалык бөтөнчөлүгүн аныктай алабыз. Билим берүүнүн мазмунунун жогорку элементтеринин ар бири өз өзүнчө ыкма б-ча өздөштүрүлөт. Мис., дүйнө ж-дөгү к. б. билимди өздөштүрүү адегендеги сезип (угуу, көрүү, даамын, жытын сезүү, тери сезүү ж.б.) кабыл алуудан башталат. Окуучу предметтерди же окуяларды сезет, сезилгендердин бардыгы анын сезиминде белгиленет. Сезүү тажрыйбасы өнүккөн сайын ал жаңы сезилгендерди мурункулар м-н салыштырат да аларды белгилүү системага келтирет, алардын арасындагы байланышты баамдап билет, бул билимдердин бардыгы акырындык м-н окуучунун эсинде бекемделип калат. Мына ошентип, билимдер адам тарабынан ар түрдүү кабыл алуулар аркылуу өздөштүрүлөт: дүйнө ж-дөгү билимдерди баамдап, сезимдүү түшүнүү ж-а бул билимдерди эстеп калуу аркылуу калыптандырылат. Эстеп калуусуз бир нерсени (айлана-чөйрөдөгү объектилердин арасындагы байланыштарды) түшүнүп билүү мүмкүн эмес.

Демек, билим берүүнүн биринчи элементи – жаратылыш, коом, техника, адам жөнүндөгү ж-а эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмалары жөнүндөгү маалыматтарды окуучулар даяр түрдө (мугалим түшүндүрүп баяндашынан, окуу куралдардан ж-а китептерден) кабыл алышат. Бирок билимди алганы м-н аны пайдалана билбөө мүмкүн, эмгектенүүнүн буга чейин белгилүү болгон ыкмасын үйрөнүү үчүн ал ыкманы бир нече ирет кайталап аткаруу керек. Ошондо гана ишмердүүлүктүн коомго буга чейин белгилүү болгон ж-а окуучуга да белгилүү болуп жаткан ыкмалары окуучунун көндүмүнө, анын өздүк ыкмасына айланат. Мугалим окуучуларга эмгектүүнүн белгилүү ыкмасын түшүндүрөт, зарыл болгон учурда аны кандайча аткаруу керек экендигин иштеп көрсөтөт, андан кийин ал ыкманы окуучу практика жүзүндө кайталап аткарышын камсыз кылат. Ошентип, билим берүүнүн экинчи элементи – эмгектенүүнүн (ишмердүүлүктүн) ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы аны бир нече ирет кайталап иштөө м-н өздөштүрүлөт, б. а., окуучуларда биринчи иретте өздөштүрүлгөн билимдерди практика жүзүндө пайдалана билүүнүн көндүмдөрүн ж-а ыкмаларын калыптандыруу үчүн мугалим окуучулардын репродукциялоочу иш-аракеттерин (көнүгүүлөрдү аткаруу, окулган текстти кайталап айтып берүү, материалды баяндап айтуу, практикалык иштерди аткаруу ж. у. с.) уюштуруп өткөрөт. Натыйжада окуучулар ишмердүүлүктүн ыкмаларын мугалимдин көрсөткөн үлгүсү б-ча гана өздөштүрүшөт. Даяр түрдө кабыл алынып өздөштүрүлгөн маалыматтар да, мугалимдин көрсөткөн үлгүсү б-ча калыптанган көндүмдөр ж-а практикалык ыкмалар да чыг-лык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүп өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Анткени чыг-лык эмгектенүүгө мүнөздүү болгон ар бир белгини (жаңы проблеманы көрө билүү, белгилүү эле объектинин жаңыча колдонулушун – жаңы функциясын көрө билүү, ар бир проблеманы чечүүнүн альтернативдерин көрө билүү ж. б.) мугалим кандай гана жол м-н дааналап түшүндүрбөсүн, баары бир окуучу дал ошол белгилер м-н мүнөздөлүүчү психикалык сапаттарга ээ боло албайт. Мындай сапаттарга ээ болуу үчүн окуучу өзүнө жеткиликтүү бир катар тапшырмаларды аткаруу процессинде чыгармачылык ыкмаларды көрсөтүү зарыл түрдө талап кылынуучу ситуацияга дуушар болуусу керек. Чыг-лык эмгектенүүнүн сапаттарын калыптандыруу процесси ар бир жолу улам жаңы шарттарда, кырдаалдарда эмгектенип иштөөнү талап кылат, б. а. чыгармачылык м-н эмгектенүүдө алдын ала түзүлүп коюлгудай белгилүү тартипте аткарылуучу аракеттердин системасы болбойт.

Чыг-лык эмгектенүү ж-дөгү, аны ишке ашыруунун оңтойлуу шарттары ж-а ага үйрөнүүнүн ыкмалары ж-дөгү түшүндүрүп айтуулар, албетте, чыг-лык эмгектенүүнүн тажрыйбасын үйрөнүүнү жеңилдетет, бирок анын өзүн толук өздөштүрүүнү камсыз кыла албайт. Мис., окуучуларга далилдөөнү кандайча түзүү керектигин, ал кандай элементтерден турганын түшүндүрүп айтууга болот, бирок, далилдөөнүн өзүнүн жолун табуу милдети баары бир далилдөөнү издөөчүнүн мойнунда калат. Ошондуктан чыгармачылык эмгектенүүнүн сапаттарын ж-а аларды көрсөтө билүүнү өздөштүрүүнүн бирден бир жолу окуучу үчүн жаңылыктуу проблемаларды окуучунун өз бетинче изденип чыгарышы болуп эсептелет Мындай проблемаларды чыгаруу процессинде окуучу чыгармачылык эмгектенүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн сапаттарын көрсөтө алат, демек, анда чыгармачылык эмгектенүүнүн негизин түзүүчү психикалык касиеттер калыптанып өркүндөйт. Мына ошентип, билимдерден ж-а билгичтиктерден айырмалуу чыгармачылык эмгектенүүнүн тажрыйбасын окуучу өзү үчүн жаңылык болгон проблемаларды чечүү жолу м-н гана өздөштүрө алат. Муну уюштуруп ишке ашыруу үчүн мугалим окуучуларга жеткиликтүү, бирок, аларды жетишерлик даражада тырышып ойлонтуучу проблемаларды түзүп алып, аларды үйрөнүлүүчү билимдердин контекстине киргизип, кыйын проблеманы майда проблемаларга ажыратып, алардын чыгарылышына жалпы жетекчилик кылып багыттап турат.

Билим берүүнүн эң акыркы, төртүнчү, элементинде биз – окуучунун дүйнөгө – анын ар кандай област-тарында, эмгектенүүгө, башка адамдарга, жеке өзүнө болгон мамилесин калыптандырууну түшүнөбүз. Мындай мамилени калыптандыруунун эң маанилүү шарты адамдын сезимине таасир этүү болуп эсептелет Мындай эмоциялык сезим кандайча калыптандырылат? Эмне үчүн айрым балдар эрте жашынан эле эч айныбай, мис., окууга, билим алууга өтө кызыгат, башкаларында болсо, мындай кызыгуучулукту тарбиялоонун конкреттүү жолдору түрдүүчө болушу ыктымал. Билим берүүнүн мазмунун - өздөштүрүү деңгээлдери. Билим берүүнүн мазмунунун биринчи үч элементинин ар бири ар башка деңгээлде өздөштүрүлүшү мүмкүн.

Биринчи элементи, б. а. дүйнө ж-а ишмердүүлүктүн ыкмалары жөнүндөгү билимдер төмөнкү деңгээлдерде өздөштүрүлөт:

  • а) билимдерди кабыл алуу, аларды түшүнүп баамдоо ж-а эстеп калуу;
  • б) билимдерди тааныш ситуацияда колдонуу;
  • в) билимдерди жаңы ситуацияда (тааныш эмес жагдайда) колдонуу.

Экинчи элементи, б. а. ишмердүүлүктүн буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун тажрыйбасы ( билгичтер ж-а көндүмдөр) төмөнкү эки деңгээлде өздөштүрүлөт:

  • а) ишмердүүлүктүн ыкмаларын окутуучунун көрсөткөн үлгүсү б-ча ишке ашыруу;
  • б) ишмердүүлүктүн ыкмаларын тааныш эмес жаңы жагдайда колдонуу;

Үчүнчү элементи, б. а. чыгармачылык м-н эмгектенүүчүлүктүн тажрыйбасы жалгыз бир гана деңгээлде – чыгармачылык м-н изденип эмгектенүүнүн деңгээлинде өздөштүрүлөт.

Бул схемадан биринчи элементтин үчүнчү деңгээлде (в), же экинчи элементтин экинчи деңгээлинде (б) өздөштүрүлүшү үчүнчү элементтин өздөштүрүлүшү боло турганын байкоого болот. Ошондой эле биринчи элементтин экинчи деңгээлде (б), өздөштүрүлүшү экинчи элементтин биринчи (а) деңгээлде өздөштүрүлүшүн камсыз кыла турганын көрөбүз.

Жыйынтыктап айтканда, биз окутуу методун мүнөздөөчү негизги үч компоненттин биринчисин (окутуунун максатын) толук карап өттүк. Окутуунун кандай методунан пайдалануу керек экендиги анын максатына ылайык аныкталат. Сабакта мугалим окутуунун кандай максатын ишке ашыргысы келсе, ал өзүнүн бүткүл күч аракетин окуучулардын да дал ошол максатка жетишкендей багытта эмгектенүүлөрүн камсыз кылууга жумшайт. Окутуу методдорунун классификациясы окумуштуу педагогдордун көбү акыркы жылдарга чейин окутуу методдорун анын мына ушул үч компоненти б-ча класстарга бөлүштүрүшпөстөн аларды классификациялоонун негизи катары ар кандай башка компоненттерди алышкан. Мис., алардын кээ бирөөлөрү окутуу методдорун классификациялоонун негизи катары билимдердин булактарын эсептешет, башкалары болсо окутуу методдорун дидактикалык максаттар б-ча, үчүнчүлөрү – окуучулардын ойлоолорунун логикалык формалары б-ча ж. б. классификациялашкан. Мис., билимдердин булактары б-ча окутуу методдорун төмөнкү үч класска бөлүштүрүшкөн: сүйлөмө метод (айтып берүү, түшүндүрүү, лекция, аңгеме ж. б.) көрсөтмөлүү метод (демонстрация, байкоолор ж. б.); практикалык метод (лабораториялык иштер, практикалык жумуштар, китеп м-н иштөө, тажрыйбаларды жүргүзүү, маселелерди чыгаруу, көнүгүүлөр, графикалык иштер ж. б.). Албетте, окутуу методдорун мындайча классификациялоо окуучунун же мугалимдин иш аракеттеринин сырткы белгилери б-ча жүргүзүлгөндүгү көрүнүп турат. Экинчиден, мындай классификациялоодо окутуунун бир методун анын экинчи методунан ачык айкын ажыратып көрсөтүү кыйын, мис, маселелерди чыгарууну алсак, мында сөзсүз сөз да, практикалык иш да, көрсөтмөлүүлүк да орун алат. Ошондуктан окутуунун методдорун классификациялоону окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү б-ча жүргүзүү максатка ылайыктуураак, анткени, мында конкреттүү максатка жетишүү үчүн мугалимдин уюштуруу иш–аракеттеринин натыйжасында окуучулардын ойлонуп эмгектенүүлөрү, демек, алардын ички психикасы кандайча болууга тийиш экендиги ачык көрүнөт.

Ошентип, окуучулардын туюнуп билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү боюнча окутуу методдору төмөнкүдөй беш түрдүү классификациялана тургандыгы белгилүү:

  • а) иллюстрациялап түшүндүрүү методу – бул метод билимдерди окуучуларга даяр түрдө түшүндүрүп берүүдө колдонулат;
  • б) репродуктивдүү метод – биринчи иретте жаңы өздөштүрүлгөн билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууда колдонулат;
  • в) проблемалык баяндоо методу – илимий фактыларды далилдүү кылып негиздеп баяндоонун, проблемаларды чечүүнүн үлгүсүн окуучуларга көрсөтүүдө колдонулат;
  • г) изденүү аңгемеси – бүтүн проблеманы толук чыгаруунун айрым этаптарына окуучуларды активдүү катыштырууда колдонулат;
  • д) изилдөө методу – окуучулардан бүтүн проблеманы баштан аяк толук чыгаруунун бардык этаптарын өз алдынча аткаруу талап кылынган учурда колдонулат.

Бул методдордун ар биринде окутуу методунун негизги үч компоненти эмнеден тура тургандыгын оңой эле аныктоого болот. Мис., репродуктивдүү методдо: окутуунун максаты – окуучуларда алынган билимдерди колдоно билүүнүн практикалык ыкмаларын, көндүмдөрүн калыптандырууну камсыз кылуудан турат; мында мугалимдин ишмердүүлүгү – окуучуларды көндүмдөргө, ыкмаларга машыктырууга керектүү көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды улам татаалдашкан тартипте тандап алып, ал тапшырмалардын окуучулар тарабынан сөзсүз аткарылышын камсыз кылууда турат; Окуучулардын ишмердүүлүгү – мугалимдин үлгү катары аткарып көрсөткөн тапшырмасынын негизинде сунуш кылынуучу тапшырмалардын системасын белгилүү санда кайталап (репродуцирлеп) аткаруу аркылуу зарыл болгон көндүмдөргө, ыкмаларга, машыгууларга ээ болуудан турат. Мына ошентип, ар кандай сабакта тигил же бул мугалим тарабынан колдонулуп жаткан окутуунун методу кандай метод экендигин эч жаңылышсыз туура аныктоо үчүн окуу процесси төмөнкү үч суроого кандайча жооп берип жаткандыгын айкындоо гана жетиштүү болот: сабакта эмне максат коюлган; мугалимдин ишмердүүлүгү эмнеге багытталган; окуучунун ишмердүүлүгү эмнеден турат.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6