Саруу (уруу)

Кыргыздын сол канатындагы уруу

Саруу уруусу (سارۇۇ) — кыргыз элинин сол канатындагы чоң уруулук бирикме.

Жайгашуусу

 Кыргызстан:

 Казакстан:

 Өзбекстан:

Канат

Сол канат

Уруктары

Саруу уруусунун уруктарынын тизмеси

Дини

Ислам

Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.

Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).

Санжыралык генеалогиясы

Көнөк-баатыр — ойротторго каршы согушуп, Анжиян-Аксы, Жети-Суу, Алматы, Түштүк Жамбыл, Шымкент, Талды-Коргон, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Жети-Шаар (Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүн бошоткондуктан, ага Көнөк-хан наамы берилген.

Этимологиясы

«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (окулушу: Сарағул) (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.

Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.

Уруктар

Ай-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.

Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.

Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.

Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.

Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.

Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.

Теңечим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.

Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Быры, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.

Тогунай: Тогунай, Кош Кулак.[1]

Белгилүү инсандар

  • Сатыкей Баатыр — 17-чи кылымда жунгар баскынчылыгына каршы турган миңбашы (ХVII кылым).
  • Бердике Баатыр — 18-чи кылымда кыргыз жерлерин жунгарлардан бошоткону чоң салымын кошкон баатыр (XVIII кылым).
  • Нүзүп аталык (Нүзүп Эсенбай уулу) — 19-чу кылымдагы Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, миңбашы, Кокон хандыгынын аталыгы (Шералы хан, 1841-1845гг)
  • Жеңижок Көкө уулу — төкмө акын, ойчул.
  • Ниязалы Борошев — комузчу-виртуоз, көптөгөн кγγлөрдүн автору.
  • Мураталы Курөңкеев — кыргыз элинин аспаптык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
  • Чолпонбай Тулебердиев — Советтер Союзунун Герою. 6-чы Воронеж армиясы стратегиялык позицияны ээлеп алуусу үчүн пулеметту өз денеси менен жаап, шеит болгон.
  • Исхак Раззакович Раззаков (1910-1979) — Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
  • Төлөгөн Касымбеков — жазуучу, Кыргыз Республикасынын герою, «Сынган Кылыч» романын автору.
  • Темиркул Үмөталиев — Кыргыз Республикасынын эл акыны.
  • Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович — премьер-министр, техникалык илимдеринин доктору, профессор.
  • Шакиев Нурланбек Тургунбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
  • Медер Бишкек (Итибаев Медербек Абдимиталович) — чыгыш медицинасынын дарыгери, "Император-Каган массажынын" негиздөөчүсү, "Тайцзи-кармаш" Тайцзи цюань интернэшнл Ассоциациясынын президенти, "Кыргыз-Дзэн" фондунун директору, жазуучу, психолог жана идеолог.
  • Роза Отунбаева — Кыргыз Республикасынын алгачкы аял Президенти.
  • Алиясбек Алымкулов — 2010 жылдын Апрель революциясынын башчыларынын бири. Революция учурунда катуу жарадар болгон. Кыргыз Республикасынын Герою.
  • Өмүрбек Бабанов — Олигарх, Экс-Премьер-министр, «Республика-Атажурт» паритиясынын төрагасы.

Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.

Колдонулган адабияттар