Солто

кыргыздын оң канат уруулар тобуна кирген ири уруулардын бири.

Солтокыргыздын Оң канат уруулар тобуна кирген ири уруулардын бири. Кыргыз санжырасында Солто уруусу Ак-Уулдун бир баласы Тагай-бийден тарайт.

Жайгашуусу

 Кыргызстан:

 Казакстан:

Урааны

Каратал!

Канат

Оң канат

Башка элдерде

Казактарда Солтонун Ажыбай уругу "ӘЖІБАЙ" аттуу кездешет.
Башкырлардын Кыргыз уруусунун жарымы өзүн солтолук Эштек бийдин урпагы катары санашат.

Мөөрү

Айтамга

Уруктары

Күнтуу, Култуу, Жетикул, Бөлөкбай, Беш-Көөрүк, Ак-Буура, Талкан, Шалта, Чаа, Көгөй, Мааке, Кара-Сакал, Чоң-Карабос, Эшкожо, Кант, Чылпак, Багыш, Жоочалыш, Сөөк-Мурун, Кайдоол, Накай, Чала-Казак, Суу-Мурун, Төкөлдөш, Ажыбай, Козор, Асылбаш.

Дини

Ислам

Санжырада

Тагай бий

  • Богорстон
    • Эштек бий
      • Солто ата, анын үч уулу болгон Күнтуу, Култуу (Чылпак) анан Чаа, Солто атадан бүткүл Солто уруусу тараган.

        Солто уруусунун эң аяңкы ханы — Эсенаман хан (1756-1841) жылдары жашаган, жана бүткүл Солто уруусунун ханы, жана башкаруучусу болгон.

Этногенези

Тагай бийдин байбичесинен Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдар, башка аялдарынан дагы бир нече балдары болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто туулат. Бирок, көпчүлүк учурда Эштек айтылбай, «Богорстондон болгон Солто» деген кеп айтылып калган. Солто уруусу илимий изилдөөлөрдө кыргыз этносунун өзөктүк компоненттеринин бирин түзгөн уруулардын катарына кирет. Анын түпкү теги, келип чыгышы (генезиси) жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Солто уруусунун башатын орто кылымда кыргыздар мекендеген Түштүк Сибирь аймагы менен байланыштырат жана аны кыргыз этносунун компонентиндеги байыркы катмардагы уруулар тобуна киргизишет.

Ички түзүлүшү боюнча бир катар татаал уруктук бөлүктөн туруп, негизги өзөгүн Солтонун өз балдары деп эсептелген Күнтуу, Култуу жана Чаанын тукумдары түзөт.

Күнтуу балдары Токбай, Карамерген, Төрө, Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун деген «Жети ата Күнтуу».

Култуу балдары «чылпак» деп аталып, XX кылымдын башында Куру-Күнгөйдө өзүнчө бир болуш эл болгон.

Чаа бийдин тукуму анын Талкан, Бөлөкбай (Каракчы) жана Тата деген уулдарынан тарайт. Мурунку заманда Солто уруусун Бөлөкбай, Талкандан чыккан манаптар бийлеген. Талкандын балдары Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делдең, Алаң деген жети атага бөлүнөт. Байболот, Делдең, Алаң «кепер» деп аталат. Октябрь революциясына чейин Бөлөкбай тукуму баардыгы 4 болуш (Жерказар, Жетикашка, Чылпак, Тата, Узун-Кыр болуштугу) эл болгон. Чаанын карыганда алган аялынан Тата болуп, ал дагы Бөлөкбай менен бир жүргөн. Бүтөш бир болуш эл болуп, Ысык-Ата, Кегетиде турган. Бөлөкбайдан Байсейит, Бүтөш. Байсейиттен Эсиркемиш, Үкү, Кутумбет, Ногой(Аксакбөрү), Чулу(Жору), Саманчы(Жалайыр), Чүңкөлөй, Айдарбек, Салык.Эсиркемиштен Кебек, андан Мурат, андан Тайлак, андан Айдабосун, андан Камбала. Кутумбеттен Мырза, андан Адучу, андан Корчу баатыр, андан Сулайман манап. Аксакбөрүдөн Абайылда, андан Маамыт. Бүтөштүн беш уулун көчкү алып кетип, Жакып деген бир уулу калат. Бүтөштүн Жакыбы жалгыз калганда, Бүтөшкө байбичеси кайра Кагаз деген зайып алып берип, андан Төлөн, Тубар, Жагыш, Багыш, Түлөкабыл 5 уул туулган. Түлөөкабылдан Чыңгыш баатыр, Чоткара, Балтабай, Үркүнбай, Аралбай, Баястан, Айта (жети баатыр, жети кашка). Чоткарадан Жаманкара баатыр. Калмак, Күрпүк дагы ушуларга таандык. Күрпүк жолборс жыга чапкан баатыр болгон. Бүтөштүн биринчи аялынан жалгыз калган Жакып 3 аял алып, Жакыптан 11 уул Асан, Үсөн, Көккөз, Саткын, Бекназар, Коеш, Дайырбек, Кашкар, Бердике, Нооруз (Оруз уулу) , Жээнбек. Жакыптын үчүнчү аялы Татыбаладан Жээнбек, Бердике, Нооруз (Оруз уулу) булар Жерказар тукуму аталат.

Талкандан Байболот, Делдең, Багыш, Чыгыш, Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан. Кошойдон Жамансарт, Момокон, Баймырза, Мамбет, Куртка, Теңиз, Кочкорбай, Зарыл. Жамансарттан Түлөберди, Бөрүбай, Эсенаман, Сөлпү, Саркөбөн, Мамырбай, Бает, Үмөт, Кожобек, Солтонкелди, Нусуп, Сака, Байжигит. Түлөбердиден Эшкожо, Канай, Чыны, Карбоз, Алапай, Маңдөбөт, Жандөбөт, Татыбек.Момокондун тукуму бир болушча эл болуп, Чоңайылчы, Балаайылчы деген манаптар чыккан. Момокондон Алымбек, андан Таштамбек. Андан Чоңайылчы, андан Акмат. Момокондун дагы бир уулу Тоопай, андан Татыбек, андан Балаайылчы, андан Маамыт.

Түлөберди дагы эң даңктуу чоң манап болуп, тукумунан мыктылар көп чыккан. Эшкожодон Жангарач бий. Канайдын Наал деген аялынан Бошкой, Байсейит, Нурсейит, Куттуксейит. Эренче деген аялынан Бүтөш, Тилеш, Байаке, Байтик баатыр. Күмүш деген аялынан Байгазы, Сатылган, Муңайтпас.Бошкойдон Өзүбек, Курама, Акылбек, Сырдыбай, Эстебес, Жанчар, Кененсары.Өзүбектен Сыдык, андан Абдыкерим.Акылбектен Алымбек манап, андан Ашымбек манап.Байсейиттен Медетбек, Шекербек, Өмүрбек, Бообек, Түлөк, Ыбырайым, Байбагыш, Жанбагыш.Шекербектен Жанузак, андан Төрөкул.Бүтөштөн Байсаба, Качкынбай, Намазаалы. Байсабадан Ныйазаалы, андан Үмөтаалы, андан Асан, андан Мелис, андан Адилет.Байтиктен Байсал, Сулайманкул, Абдыракман, Ташмат, Аман, Осмонаалы, Сыдык.Чыныдан Тынаалы, андан Чолпонкул манап.Карбоздон Кененсары, андан Жантай манап, Бөрүбай.

Булардан тышкары Чаанын багып алган асыранды баласынан «жоочалыш» уругу ж. б. кичине букара уруктар кирип калган. Алар башка этностордон биригип, Солто уруулук курамын калыптандырган. Бирок алардын саны жетиден ашык экенине карабай («беш көөрүк», «мааке», «көгөй», «төлөк», «жоочалыш», «шалта», «ак буура» же «кара сакал», «сөөк мурун», «кайдоол», «накай» ж. б.), Солтонун ичиндеги «жети кул» деп атап коюшкан.

Козор уругу сан жагынан өтө аз болгондугуна карабастан, солтонун ичиндеги өзгөчө бөлүкчө катары эсептелинип, санжыра боюнча ал Солтонун бир тууганы деп эсептелет. Бөлөкбайдын ичиндеги «төкөлдөш» уругу Бүтөштүн бакма баласынан тарагандыгы айтылат. «Чала казак» уругу уйгур, өзбек, казак элдеринин айрым бир майда топторунун аралашуусунан пайда болуп, Солто уруусунун ичинде туруп калган.

Аталган уруктардан тышкары аларга аралашып кеткен «багыш» уруусунун кичине бөлүгү бар. Алар падышалык Россиянын мезгилинде «багыш» деп аталып, өз алдынча болуштук түзгөн. Бирок кийинки мезгилде алар «суу мурун» деген ылакап ат менен айтылып, Солто уруусунун бир бөлүгү катары эсептелинет.

Тарыхы

Кыргыз-калмак (ойрот) согуштарынан кийин кайрадан кыргыздардын Чүйгө келиши менен Солто уруусу Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн анын батыш тарабы, б. а. Ысык-Ата суусунан Куланга (Мерке, Луговой) чейинки аймакты ээлеген. Жайлоосу Кыргыз Ала-Тоосунун күңгөйү жана Суусамыр жайлоосунун түндүк бөлүгү болгон. Азыркы учурда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу, Жайыл жана Панфилов райондорунда турушат. Булардын ичинде кыргыздын башка урууларынын («кытай», «адигине», «саруу», «сарыбагыш», «моңолдор», «азык», «жетиген», «жедигер» ж. б.) айрым өкүлдөрү дагы туруп калган жана Солто уруусунун чакан топтору башка уруулардын арасынан (мис., Ак-Талаанын Байгөнчөк айлы, Таластын башы Үч-Кошой ж. б. Казакстандын аймагында) кездешет.

Солтолор жөнүндө

- "Фазли солто" ("Урматтуу, асылзаада солтолор") (Кокон хандыгынын кайрылуу докуменнтеринен, казактын бийлери жазган каттарынан).

- "Соңкөлдөй сулуу көл кайда, Солтодой жоомарт эл кайда" (Сагымбай манасчы).

- «Береке — солтодо. Жайы-кышы капшытында уну кап-кап болуп тирелип турат. Токочу кенен. Унутулбайт. Сен кайдан деп сурабайт». (Моңолдор, сурнайчы Күрөңкөйдүн Балыкчыдагы топто сүйлөгөн сөзүнөн).

- "Солто элдин тогу, ... ".

- "Солтонун солкулдагы " (белгилүү күү).

- "Эрдигинен солто кырылды, энөөлүгүнөн колпош кырылды" <br.

- "Солто, Багыш биртууган".

- "Солто, Тынай биртууган".

Чаа Солтонун кичүү уулу болуп, Чаадан Каракчы (Бөлөкбай), Талкан, Тата жана Жоочалыш деген үч уулу болот.

  • Бөлөкбай балдары
  • Канай балдары
  • Атактуу солтолор:
  • (Талкандар)

Адабият

  • Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999.
  • Абдырахманов Ы. «Кыргыздардын келип чыгышы». Инв. КР УИА КЖФ, инв. №116 (319).