Таң алдында (роман)

Таң алдында – ыр менен жазылган роман. 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуялары туурасында баяндалган. 1962-жылы жарык көргөн Т. Сатылганов Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон чыгарма (1967). “Т. а” романынын 1-бөлүгү 1935-жылы “Кандуу жылдар”, 2-бөлүгү 1947-жылы “Таң алдында” деген ат менен жарыяланган чыгармасынын кайра иштелген варианты.

Таң алдында
Жазуучу Аалы Токомбаев
Өлкөсү  ССРС
Тили кыргыз
Басмакана Кыргызмамбас

Кыргыз элинин тарыхындагы эбегейсиз трагедияны көркөм чагылдырууга арналган Кандуу жылдар өз убагында карама-каршы пикирлерди жаратып, чыгарманын идеялык мазмунуна олуттуу дооматтар айтылган. Романды кайра иштеп чыгууда автор мурда орун алган натуралисттик сүрөттөөлөрдөн качып, татаал тарыхый окуяларды көрсөтүүдө топтоштурууга умтулган, ошону менен бирге, көркөмдүк жагын өркүндөтүүгө аракеттенген. Чыгарма эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмдөн көчмөн элдин падыша бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгуусунун себептери, күрөштүн жүрүшү жана жеңилиши, кыргыздардын Кытайга качышы баяндалса, экинчи бөлүмдө качкындардын бөтөн жерге баргандан кийинки кейиштүү тагдыры жана өз мекенине кайтып келиши көрсөтүлгөн.

Романдын сюжетине кыйла даражада тарыхый фактыларга негизделген. Чыгармада баяндалгандай, падыша бийлигинин колониалдык саясаты кыргыздарды оор социалдык-экономикалык абалга дуушар кылып, жергиликтүү бай-манаптардын эзүүсү буга кошул-ташыл болгон. Ал эми кыргыз жарадарын аскерге чакыруу жөнүндөгү падыша өкмөтүнүн чечиминин адилетсиз шарттары көчмөн калктын жарды катмарларынын катуу нааразылыгын пайда кылган. Көтөрүлүш кыргыз жана орус элдеринин ортосундагы кагылыш эмес экендигин, күрөш ириде падыша бийлигине каршы багытталгандыгын ажырымдап көрсөтүү – автордон кыйла кылдаттыкты талап кылган чыгармачылык маселе болчу. Автор бул маселени ийгиликтүү чечүүгө жетишкен.

Чыгармада көрсөтүлгөндөй, көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү карапайым эл болгон. Бирок, караңгы массага аң сезимдүүлүк жауюшкаңдык жетишкен эмес. Ошондуктан начар куралданган жана башаламан аракеттенген көтөрүлүшчүлөр падыша аскерлерине каршы тууралбай катуу кыргынга учурап, эл Кытайга качууга аргасыз болгон. Трагедиялуу бул окуялар романдын “Ак өгүздүн ашуусу” жана “Туу белде” аттуу главаларында зор көркөмдүк күч менен баяндалган. Качкындардын Кытай жериндеги турмушу да мындан жеңил болгон жок, кытай феодалдарынын талоонуна түшүп жакырланды, ачкачылыктан жана ар түрдүү оорулардан кырылды. Элдин аргасы куруп турган учурда “ак падыша кулаптыр” деген кабар алардын үмүтүн кайрадан жандырды.

Романда бири-бирине каршы турган каармандардын эки тобу көрсөтүлгөн. Алардын биринчиси – Алымкул, Антон, Жунуш, Мурат баштаган эмгекчилер; экинчи топто бай-манаптардын өкүлдөрү – Төлөк, Чолпонбай, Жанай, Ажы, Ташыбек, падыша жазалоочулары, кытай феодалдары. Ушул көп кейипкерлердин арасынан өзүнчө касиет-сапаты, мүнөз белгилери менен айырмаланып турган каармандардын бири Алымкул. Ал жаш кезинен орус кедейлери менен аралашат. Сибирге сүргүнгө айдалышы да анын аң сезиминин өсүшүнө көмөктөшөт.

Анын көз карашынын калыптанышына Антондун тийгизген таасири чоң болот. Алымкул адилеттикти эңсеген, элдик күрөштөн жанын аябаган эр жүрөк адам. Ошону менен бирге А. Токомбаев аны идеялдаштырбай, чектелүү жактарын, жаңылыштыктарын да көрсөткөн. Алымкулдун досу жана шакирти Жунуш да эсте каларлык кейипкерлердин бири. “Т. а.” романында эл достору менен жакындаштыруусу оңой болгон эмес. Бирок Алымкул, Жунуш сыяктуу алдыңкы адамдар мындай жакындашуунун келечегин көрө билишкен. Романдагы окуяларга бөлөк элдерден кытай, казак, уйгур эмгекчилеринин өкүлдөрү да катышат.

Алар эпизоддук каарман болсо да көтөргөн жүгү бар. Башка эл өкүлдөрүнүн арасынан Антон өзгөчө бөлүнүп турат. Алымкул менен Жунуштун аң-сезиминин ойгонушунда ал маанилүү роль ойнойт. Кыйын учурларда кыргыздар Антондон кеңеш сурашат. Чыгармада Мураттын образы акылман жана адилет карыя жөнүндө кыргыздардын салттуу түшүнүгүн чагылдырат. Ал эми терс каармандардын айрымдары элге ачык эле зулумдук кылса, кээ бири зыяндуу иштерин көмүскө жасашат. Ченемсиз азаптарды баштап кечирген элдин тарыхый тагдырында Октябрь революциясы жаңы доор ачкандыгын кабарлоо менен аяктайт.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Инсандар (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9