Фразеологизм

Фразеологизм (гр. – айтылыш, сөз, түшүнүк), фразеологиялык сөз айкаштар – тилдин туруктуу сөз айкаштары же сүйлөмдөр. Фразеологизмдин курамындагы сөздөр өздөрүнүн баштапкы түздөн түз, негизги маанисинен ажырап, бир бүтүнгө биригип, ойду курч, элестүү берет. Алар бир тилден экинчи тилге сөзмө сөз которулбайт, которсо мааниси бузулуп кетет. Фразеологизмдерди уюштурган сөздөр туруктуу келет, өзгөрбөйт. Адабиятта жазуучунун оюн жеткиликтүү, таамай берүүдө, чыгарманын таасирдүүлүгүн арттырууда чоң мааниге ээ.

2015-ж. Ч. Айтматов атындагы тил институту басмадан чыгарган Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнө кирген фразеологизмдер Эл-Cөздүк кыргызча-орусча котормочу жана сөздүктөр сайтында жайгаштырылган. Сөздүктү түзгөндөр: Ж. Осмонова, К. Конкобаев, Ш. Жапаров.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004