Баш айланма
Куралдар
Жалпы
Басып чыгаруу/экспорттоо
Оюнчулардын саны 10—20 киши.
Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.
Оюнда чыбыктар, таякчалар колдонулат.
Оюндун 2—3 жетекчиси шайланат. Дубалга же короого эки бирдей тегерек сызылат, алардын аралыгы 5—6 м. келет. Дубалдан 10—15 м. аралыкта жерге дагы эки диаметри 1 м, болгон тегерек сызылат, оюнчулар топторго бөлүнүшүп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Жерде сызылган тегеректерге ар бир топтон бирден оюнчу кезеги менен чыгып сол колу менен оңкосунун астынан оң кулагын, оң колу менен чыбыкты кармап эн кейип чыбыгынын учун жерге тийгизип 5—6 жолу тегеренип, кайра түздөнүп, дем албастан дубалга барып, чыбыгы менен тегерекке бир жолу сайып тийгизгенге аракеттенет. Андан кийин колун бошотуп ар ким өз ордуна барып турат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Оюндун шартын так аткарган ар бир оюнчу, топтун оюнчулары, жеңүүчүсү болот.
Бир бирине тоскоолдук кылууга, аракетти бирден ашык кайталоого, кулактарды коё берүүгө, токтоп дем алып, кайра баштоого болбойт.
Тегеректердин көлөмү, аспаптар бирдей болушу керек.
Шамдагайлыкка, денени түз кармоого үйрөтөт.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |