Байдылда Сарногоев
Куралдар
Жалпы
Басып чыгаруу/экспорттоо
Байдылда Сарногоев | |
Файл:Байдылда Сарногоев.png | |
Туулгандагы ысымы: | Байдылда Сарногоев |
---|---|
Туулган датасы: | 14 -январь 1932(1932-01-14) |
Туулган жери: |
|
Өлгөн датасы: | 19 -ноябрь 2004(2004-11-19) (72 жаш) |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Чыгармачылык жылдары: | 1945-2004 |
Жанр: |
Байдылда Сарногоев (1932–2004) - акын. Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.
1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.<br /1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.