Мамбеталиева, Какен
Куралдар
Жалпы
Басып чыгаруу/экспорттоо
Какен Мамбеталиева Этнолог, тарыхчы Какен Мамбеталиева (1980-ж.). | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Мамбеталиева, Какен |
Туулган жылы: | 1936-жыл |
Туулган жери: | Эчки-Башы айылы, Он-Арча айыл өкмөтү, Нарын району, Нарын облусу |
Каза болгон жылы: | 1984-жыл |
Өлкө: | Кыргызстан |
Иштеген жери: | Кыргыз Мамлекеттик университети (азыркы Кыргыз Улуттук университети) |
Ишмердүүлүгү: | окумуштуу-этнограф, тарыхчы, педагог |
Альма-матер: | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети |
Илимий тармагы: | этнография, этнология |
Какен Мамбеталиева (Kaken Mambetalieva; 05.04.1936 — 30.07.1984) - кыргыз этнографиясы жаатында жаңы багытта тайманбай иштеп, илим “дыңын” бузуп, кыргыз тарых илиминин жаңы тармагын түптөөгө ири салым кошкон тарыхчы айым, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1971). Ал кыргыздын туңгуч этнограф айымы катары тарыхта калды.
Какен Мамбеталиева 1936-жылы чын куран (апрел) айынын 5инде Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган. Атасы - Мамбеталы Черикчи уулу Үмөтаалы небереси колунун көөрү төгүлгөн уста, энеси Жумабүбү - уз болгон. Агасы — белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев карындашына өмүр бою насаатчы жана жөлөк болуп келген.
Оболу Какен Эчки-Башы айылындагы жети жылдык мектептен окуй баштаган. Андан соң Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепте окуп, толук эмес орто билим алган. Андан соң Нарын педагогикалык окуу жайына (азыркы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине) кирип, окуу жайды 1952-жылы мектептер бөлүмү адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.
Андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырган. Студент кезинде этнограф Клавдия Ивановна Антипина менен таанышып, анын шакирти болгон. 2-курстан тартып К.И.Антипина айым менен чогуу Кыргызстандын түштүгүнө илимий экспедицияларга чыгып турган. Сүрөттү мыкты тарткан.
Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеп калды.
Ал 1950-жылдардын соңу - 1960-жылдардын башында советтик этнография илиминин мыкты адистеринен сабак алып, азыркы кыргыз этнография илим тармагын түптөгөнгө бараандуу салым кошкон алгачкы кыргыз кыздарынан. Какен Мамбеталиева этнография жаатындагы кандидаттык диссертациясын СССР Илимдер Академиясынын Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнөн жактаган. Анын устаттарынын бири айтылуу этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.
1963-жылы К. Мамбеталиева “Кыргызстандын таш көмүр өнөр жайындагы кыргыз кенчилеринин турмуш-тиричилиги жана маданияты” деген китебин орус тилинде жарыялаган.
1964-жылы СССРдин борбору Москвада өткөн Антропологиялык жана этнографиялык илимдердин дүйнөлүк конгрессинде Какен Мамбеталиева баяндама жасап, ал англис тилинде жарыкка чыккан. 1971-жылы “Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы кыргыз жумушчуларынын үй-бүлөсү жана бүлөлүк-никелик мамилелери” деген китебин орусча жарыялайт.
1971-жылы СССР Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечимине ылайык доцент илимий наамын алган.
Анын бир катар илимий макалалары өз доору үчүн этнография илиминдеги жаңы саамалык болгон. Түптөлүп келе жаткан чакан өнөр жай шаарларындагы мурдагы көчмөн жана дыйкан кыргыздардын урпактарынын салт-санаасы жана турмушу алгачкы жолу атайын этнографиялык иликтөөгө алынган.
Какен Мамбееталиева Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде этнография боюнча ырааттуу дарстарды, атайын курстарды окуп, нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча илимий сапарга чыгууга багыттама берген.
Дарс окуп коюу менен чектелбестен, Какен жатаканага келип, коллоквиум өткөрүп, студенттер менен жекече иш алып барчу, алардан дүйнөлүк этнографиялык илим, жалпы дүйнө элдеринин этнографиялык мурасы тууралуу өз алдынча окуусун талап кылчу.
Муну советтик усул катары терс баалачулар азыр четтен чыгат. Бирок ал кезде (1960-70-жылдары) тарых илими боюнча окуу китептер дээрлик орус тилинде гана болуп, кыргыз энциклопедиясынын алгачкы томунун материалдары жаңыдан гана басмаканага жиберилип жаткан. Интернет түгүл, компютер түшкө кирчү эмес. Айылдан жаңы келгендер “сабатсыздыкты жоюунун” жаңы баскычын баштан кечирген.
Дал ушундай кубаттуу дарстын жана андан кийинки ырааттуу жекече сабактардын натыйжасында, Мамбеталиеванын окуучулары ата-бабалары түшүндө да укпаган чет элдик мяо-яо, кхмер элдери тууралуу жана байыркы шумер сыяктуу өлүп-жок болгон тилдер жөнүндө кеңири билим алышкан.
Тилдердин аталышын эле жаттабастан, студенттер тилдерди ар кыл тил түркүмдөрүнө бөлүп системалаштырчу. Кийинчерээк, мен араб тилин үйрөнө баштаганда, бул маалымат мага кыйла өбөлгө болду. “Алтай” теориясына ылайык, түрк, монгол, тунгус-манчжур, корей, жапон тилдери тээ алмустакта орток тилдик тамырдан келип чыкканы тууралуу илимий жоромолду да К.Мамбеталиева студенттерине баяндаган.
К.Мамбеталиева өзгөчө маашырлануу жана ыраазылык менен белгилеген окумуштуулардын бири - Юрий Валентинович Кнорозов болчу. Бул советтик (орусиялык) чыгаан окумуштууга 1947-жылы археолог жана чыгыш таануучу Сергей Токарев келип: “Айрым окумуштуулар майя жазмасы эми эч качан чечилбейт ко деп жатышат. Балким, сен бул жоромолдорду төгүндөй алаарсың. Кантип эле адам баласы ойлоп тапкан жазууну башка адам чечмелей албай калсын?” деп, бул жазманы кылдат иликтөөнү сунуш кылат. Кнорозов бир нече жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасында майя жазмасын чечмелөө (дешифрлөө) үчүн ачкыч табат. Илимде ири бурулуш жасаган макаласын ал 1952-жылы “Советская этнография” журналына жарыялайт. Ошентип, б.з. IV-VIII кылымдарда өзгөчө гүлдөп-өсүп, IX кылымдан тартып төмөндөй баштаган майя цивилизациясынын чыныгы турмушунун көшөгөсү ачылган.
(Ушул улуу ачылыштын ээси Юрий Кнорозов совет доорунда чет өлкөгө чыгууга укуксуз болуп келгенин, өзү эңсеген тарыхый майя жергесине (Борбордук Америка жана Түштүк Мексика) саякат жасоого эч мүмкүндүк ала албагандыгын 1991-жылы сентябрда америкалык илимпоз Michael D. Coe – Майкл Д.Коу мырза Archaeology журналындагы макаласында жазган).
Какен Мамбееталиева өзү жакшы тааныган окумуштуу Ю.Кнорозов сыяктуу жана башка нечендеген залкар илимпоздор жана алардын ачылыштары тууралуу мол маалыматты айтканда, студенттеринин көздөрү жалжылдап, өздөрү да ушундай унутулган тарыхый барактарды жана тилдерди ачууга ынтызар болгондой кебетеленип кетчү. Азыр да мындай мүдөө илимдин күн тартибинде кала берүүдө. Узакка барбай эле, Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш аймагындагы сак-усун доорунан калган Эшик (казакча – Есик: орусча - Иссык) жазмасын алсак – күнү-бүгүнкүгө чейин ал чечмелене элек.
Какен Мамбеталиева этнографиянын бир нече тармактарга бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун баса белгилечү. Маселен, кыргыз тилин билбей туруп, кыргыз этнографиясы тууралуу илимий эмгектер, диссертациялар жазган “окумуштуулар” арбын болду. Ошол эле учурда, кыргызча суудай билген же кыргыз этнографиясын иликтөөдө башат ачып берген С.М.Абрамзон сыяктуу илимпоздор адилетсиз сынга алынган учурлар орун алды.
Дал ошол идеологиялык тар калып кедерги кескен кезеңде Какен Мамбеталиева үчүн кыргыз этнографиясын иликтөөдө кыйла чектөөлөр коюлгандыгы пост-советтик доордо гана ачык айтылды. Кыргыздын уруу аталыштарын, фольклордук мурасын үйрөнбөй туруп, кыргыз этнографиясын иликтөө да мүмкүн эмес эле.
Какен Мамбеталиева КУУдагы эң мыкты окуган айрым студенттерге студенттик илимий конференциялар үчүн баяндама жасагыла, реферат, дипломдук иш даярдагыла деп ар кыл темалар берип, аларга багыт көрсөткөн. Анын окуучуларынын бири - тарыхчы, саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов.
Какен Мамбеталиева, жашыраак кесиптеши, археолог Бейше Урстанбеков, “Байыркы чыгыш тарыхын” окуткан Таабалды Мурзабеков жана башка агай-эжекелер (алардын көбүнүн көзү өтүп кетти) биринчи курстун студенттерин “телчиктирүү” үчүн КУУнун тарых факультетинин жатаканасына кечинде келип, кошумча сабак беришчү.
Какен Мамбеталиева илим деп жүрүп турмушка чыккан эмес болчу.
Кыргыздын туңгуч этнограф айымдарынын бири болгон Какен Мамбеталиева турмушунда илимге да, студенттерге да, чогуу иштешкен кесиптештерине да акыйкат болгон. Тамашалай да билген.
Окуучусу Т. Чоротегин эскерет:
"Эсимде, калктардын кесиби менен байланыштуу этнографиялык терминдер тууралуу талдап келип, түштүктүк бир курсташыма:
- Базарбаев, жүгөрүнү силер жакта “миэккэ” дейт да, ээ? – деп күлүп айтып калды.
- Ооба, эжеке, “мэке” делет, - деп ал күлүп жооп берди".
Какен Мамбеталиева доктордук диссертациясын жазууну аяктаган чагында, 1980-жылдын күзүнөн тартып катуу ооруп калды. Бир нече жыл кесел менен күрөштү.
Ал 1984-жылы теке (июль) айынын 30унда, кырк сегиз жашында, илимий жогорку сересине көтөрүлүп, чыгармачыл мектебин ого бетер өркүндөтөөр күлгүн чагында түбөлүк жайга узап кете берген.
Нарын шаарындагы чөлкөм таануу музейи 2011-жылдан тартып Какен Мамбеталиеванын ысымын алып калды. 2012-жылы 18-майда белгилүү скульптор Садыр Макеевдин колунан жаралган окумуштуунун бюсту музейдин алдына орнотулду.
2007-жылы, 2009-жылы жана 2010-, 2012-, 2016-жылдары Бишкекте Какен Мамбеталиеванын элесине арналган эл аралык илимий жыйындар болду.
2016-жылдын чын куран (апрель) айынын 5инде Какен Мамбеталиева таалим алган жана өмүрү өткөнчө иштеген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү” аттуу илимий жыйын жана эскерүү чаралары өткөрүлдү. Бул жыйын жана эскерүү чаралары элибиздин туңгуч этнограф айымынын 80 жылдык мааракесине арналды.
Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган «Борбордук Азиянын көп этностуу коомунун маселелери: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн болжолдору» аттуу эл аралык жыйын Бишкекте (КУУ) 2012-жылы бугу айынын 19нда өттү.
Бүгүнкү күнү кыргыз этнографтары жана тил изилдөөчүлөрү тээ Энесай (Хакасия жана Тыва), Алтай, Монголия, тарыхый Чыгыш Түркстан (азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагы), Манчжуриядагы (Хэйлуңжандагы) Фу-Йү аймагы, Итил, Урал, Фергана, Кичи Азияга чейин ээн-эркин жана байма-бай каттап, совет доорунда болуп көрбөгөндөй эркин шартта иш алып барууда.
Маселен, таланттуу кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев 2005-жылы майя, ацтектердин маданиятын иликтеген археологдордун Борбордук Америкадагы казуу иштерин жеринен көрүп кайтты. Тарыхчыларды төбөсүнөн ныгырган идеологиялык цензура да жок.
Бирок азыркы кыргыз тарыхчылары өздөрү таканчыктап турган калбаат пайдубалды кургандардын арасында көрүнүктүү этнограф айым Какен Мамбеталиева да бар экенин анын бүгүнкү алатоолук шакирттери жана сапарын улантуучулары дурус билишет.
Какендин агасы Сулайман Мамбеталиев (1928 -- 21.12.2021) - кыргыздын ардагер журналисттеринен. Ал өмүр бою Кыргызстандын журналистика тармагында эмгектенип келет. Бир катар китептер да жарыялаган.
Агасы Сулаймандын кызы Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956-ж., Фрунзе - 25.4.2017, Бишкек) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, таланттуу окумуштуу жана меценат айым эле.
ББК 63.529(54)6-423