Чопо топурак
Куралдар
Жалпы
Басып чыгаруу/экспорттоо
Чопо топурак - гранулометриялык курамы боюнча эң оор топурак тиби. Анын курамынын 40%тен көбүн 0,01 лтден майда бөлүкчөлөр түзөт (Н. А. Качанскийдин классификациясы боюнча).
Чопо топурак үч түргө айырмаланат: жеңил Чопо топурак (0,01 ммден кичине бөлүкчөлөр күл топуракта 50-60%, талаа топурагында 60-75%, шакардуу топуракта 40-50%); орто Чопо топурак (0,01 ж-иден кичине бөлүкчөлөр аталган топурак типтеринде 65-80, 75-85, 50-65тен жогору); Оор Чопо топурак (жогоруда аталган типтер 80-85, 65%тен жогору). Чопо топурак кумай топуракка салыштырганда ным сыйымдуулугу жогору, жылуулук өткөрүү касиети төмөн, топурактын майда бөлүкчөлөрү бирибири менен тыгыз байланышта, азык заттары арбын, бирок сууну начар өткөрөт.