Эл аралык укук субъектиси
Эл аралык укук субъектиси ― эл аралык мамилелердин катышуучусу; ал эл аралык укуктар менен милдеттенмелерге ээ жана аларды эл аралык укуктардын чегинде жана анын негизинде жүзөгө ашырат. Мамлекеттер, ошондой эле көз карандысыздыгы жана өз мамлекетин куруу үчүн күрөшүп жаткан элдер менен улуттар негизги (баштапкы) Эл аралык укук субъектиси болуп саналат, ал эми кийинкилери ― эл аралык уюмдар (анткени, алардын эл аралык укук субъектүүлүгү катышуучу-мамлекеттердин эл аралык укук субъектүүлүгүнөн улам келип чыккан. Мамлекет сымал түзүлүштөр эл аралык укук субъектүүлүгүнүн айрым белгилерине ээ болот. Ал эми жеке жактардын Эл аралык укук субъектиси жөнүндөгү маселелер азыркыга чейин талаш-тартыш туудуруп келет.
Булактар
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган