Аба учагын айдай качуу

Аба учагын айдай качуу – жарандык авиация ишмердигинин коопсуздугуна кол салган, эларалык мүнөздөгү кылмыш; аз эмес учурларда террордук акты болуп саналат. А. у. а. к. үчүн, ошондой эле уурдап айдап кетүү максатында аба учагын мыйзамсыз басып алганы үчүн өзалдынча кылмыш-жаза жоопкерчилиги биринчи жолу 1973-жылы киргизилген. КР Кылмыш-жаза мыйзамдары бул кылмышты суу кемесин жана темиржолдун кыймылдуу унаасын айдатып кетүү менен бир статьяга бириктирген.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7