Авария (кырсык)

Авария (кырсык) (ит. avaria , араб. авар – кырсыктоо, зыян) – курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, кооптуу өнөржай объекттеринде колдонулуучу унаа жана башка техника каражаттарынын кыйроосунан жана бузулушунан келип чыккан зыян менен чыгымдар; көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон жарылуу, өрт же зыяндуу зат булгоолору.

==Колдонулган адабияттар==
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7