Асимметрия

Асимметрия (грек. asimmetria – дал келбестик, төп келбестик) — симметриянын жоктугу же бузулушу; предметтин, сүрөттөлүштүн, курулуштун оң, сол жактарынын бири бирине дал келбестиги. А. композициянын жөнгө салынган традициялык иретин бузган учурда, көркөм сүрөттөөнүн эң күчтүү каражаты катары ага эркиндикти, ар түрдүүлүктү берет жана тең салмактуулук менен гармонияга жеткирүүчү ыкмаларды татаалдаштырат. Барокко, романтизм, экспрессионизм көркөм өнөрлөрүндө А. көркөм образдын динамика менен экспрессиясын күчөтүүгө кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004