Гомозиготалуулук

Гомозиготалуулук - гомологиялык хромосомасында бир эле формадагы гени бар организмдердин тукум куучулук аппаратынын абалы.

Тукум куучулугу бири биринен кескин түрдө айырмаланган ата-энеден чыккан организмге Караганда гомозиготалуу организм сырткы чөйрөнүн шартына начар көнүгөт. Андай организм ошол ген боюнча бир гана гаметанын түрүн пайда кылат.

Гетерозигота

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4