Контрапост
Контрапост (французча contraposte, италянча contrapossto – cөзмө-cөз, карама-каршылык, карама-каршы коюу) – көркөм сүрөт искусствосунда симметриялуу же бири-бирине каршы турган адам денесинин бөлүктөрүнүн контрасттык жайгашуу ыкмасы (колу, буту, дененин жогорку жана төмөнкү бөлүктөрү). Мисалы, байыркы доордогу Грекияда кеңири тараган адам фигурасынын бир бутуна таянып, булчуң эттеринин эч чыңалуусуз эркин турган абалы Контрапост аталган. 16-кылымда италян Ренессанс доорунда кайра жандандырылган (Микеланжело ж. б. сүрөтчүлөр). Контрапост ыкмасы фигурага чымыркангандыкты, татаал кыймылды берет жана анын үч өлчөмдүү экенин баса көрсөтөт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка