Кучеров реакциясы

Кучеров реакциясы – ацетилен жана анын туундуларын Hg(II) туздары катышуусунда гидратташтыруу аркылуу, карбонил бирикмелерин алуу:

Процесс сууда же суу-спирт чөйрөсүндө жүргүзүлөт. Катализатор - күкүрт к-тасындагы HgSO4, уксус к-тасындагы CH3(COO)2Hg, о. эле HgO, BF3 эфираты менен CF3COOH, HgO менен BF3 аралашмалары ж.б. Сууну кошуп алуу процесси Марковников эрежеси б-ча жүрөт. Ацетилен гидратташуу реакциясында ацетальдегидге, моно- орун алмашкан алкиндер кетондорго айланат. Ал эми молекулада күчтүү электронакцептордук орун алмашуучу топтор болсо, альдегиддер жана кетондор аралашмасы алынат.

CF3 Сº CH + H2O ® CF3CH2CHO +

+CF3COCH3

Ацетилкетондор гидратташуусу b-дикетонду, ацетилен спирттер гидратташуусу гидроксикетонду пайда кылат, мис.:

RCOCºCR¢ + H2O ® RCOCH2COR¢ RR¢C(OH)CºCH+H2O ®RR¢C(OH)COCH3

Фенилацетилендер Hg (II) туздары жок болсо да, суюлтулган к-талар менен ысытканда гидратташат, мис.:

H+

C6H5C ºCH + H2O ——® C6H5COCH3

К. р. жардамы менен кош жана үчтүк байланыштары бар бирикмеде алардын селективдүү гидратташуусуна алып келет, мис.:

СН2 =СН - С ºСН + Н2О ® СН2 =СН - СО - СН 3

К. р. өндүрүштө ацетальдегидди алууда, препаративдик орг. синтезде колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6