Линь
Линь (лат. Tinca tinca, L. 1758) — каңылтырлар тукумундагы балык. Тулку жоон, сырты былжыр менен капталган, түрпү майда, жону кара көк, капталдары жалтырак. Денесинин уз. 30 см, салм. 500 г (кээде уз. 60 см, салм. 7,5 кг).
Ууртунда анча чоң эмес муруту бар. Европанын тузсуз сууларында (Түн. Муз океанына куйган Европа сууларынан башка); Европада көлмө жанa дарыяларда, бир азы Енисей. Обь алабында жашайт. Начар кыймылдайт, кычкылтек жетишсиздигине чыдамдуу келип, тиричилигин суу түрүндө өткөрөт.
Лион 3—4 жылдан кийин. уз. 20 смден ашканда көбөйөт. Тукумчул, 300—400 миңге чейин урук таштайт. Майда омурткасыздар. кээде балыр менен азыктанат.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка