Нежати Шашмаз (Necati Şaşmaz)

Мухаммед Нежати Шашмаз ( түрк. Muhammed Necati Şaşmaz) 1971-жылы 15-декабрда туулган - түркиялык актёр, белгилүү „Kurtlar Vadisi“ ("Карышкырлар өрөөнү") телесериалында Полат Алемдардын ролун ойноп, „Kurtlar Vadisi Irak“ тасмасы менен да белгилүү.

Нежати Шашмаз
Necati Şaşmaz
Туулган датасы

1971-жыл 15-декабрь

Туулган жери

Элязыг

Өлкө

Түркия

Кесиптери

Актер, Продюсер, Режиссер, Сценарист

Жанрлары

Драма, криминал

Каймана аты

Полат Алемдар

Нежати Шашмаз Түркиянын Элазиг шаарындагы Харпут шаарында төрөлгөн.Түркияда жана Канадада туризм жана мейманкана башкаруу боюнча билим алган. Ал алты жыл АКШда жашап, Түркиядагы ата-энесине барган.

Истамбулда Нежати Шашмаз атактуу түрк режиссёру Усман Синав менен жолугуп, ага «Карышкырлар өрөөнү» фильмине башкы ролду сунуштаган. Ал сериалда жана кинодо ойдон чыгарылган фантастик каарман Полат Алемдардын ролун аткарган.

Ал 2012-жылы Нагехан Кашыкчы менен турмуш куруп, бирок 2019-жылы ажырашууга арыз берген. Алардын ажырашуусу 2021-жылы аяктаган.

Фильмография

Фильм
ЖылатыРоль
2006Карышкырлар өрөөнү: ИракПолат АлемдарБашкы рол
2011Карышкырлар өрөөнү: ПалестинаПолат АлемдарБашкы рол
Телевидение
ЖылАтыРоль
2003-2005Карышкырлар өрөөнү.Полат АлемдарБашкы рол
2005Нан табагыПолат Алемдар
2007Карышкырлар өрөөнү: ТеррорПолат АлемдарБашкы рол
2007Карышкырлар өрөөнү: КапканПолат АлемдарБашкы рол, Продюсер
2010Халил Ибрахим СофрасиNecati Shasmaz
2012Карышкыр мыйзамыАнвар Паша
2015Кара кутуАбдулазиз Хадиев
 Продюсер

Жеке жашоосу

  • Абдулкадир Шашмаз (Абдулкадир Шашмаз) анын атасы.
  • Сахил Шашмаз (Sahil Shashmaz) анын энеси.
  • Негехон Шашмаз (Нагехан Шашмаз ажырашып кеткен) жубайы.
  • Али Надир Шашмаз (Али Надир Шашмаз) анын уулу
  • Зубайр Шашмаз (Hilmi tr:Zübeyr Shashmaz ) 1982 - иниси
  • Ражи Шашмаз ( en:Raci Shashmaz ) 1973 - иниси

Колдонулган адабияттар

  1. „Necati Şaşmaz'dan sürpriz evlilik“ (2012-yil 13-dekabr).
  2. „Necati Sasmaz - Trailer - Showtimes - Cast - Movies - New York Times“ (2008-yil 17-yanvar).
  3. „Fobim var: Aşk!“ (2012-yil 16-dekabr)

Шилтемелер