Полковник

Полковник – бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү офицердик наам. П. чини орус армиясында XVII кылымдан тартып колдонулат. Советтик Армияга 1935-жылы киргизилген жана 1-рангдагы капитан наамына туура келген; КРдин Куралдуу Күчтөрүндө, ички иштер органдарында, КР Юстиция министрлигинин жазаны аткаруу тутумунда, Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттигинде, КР бажы кызматында жана каржы полициясында сакталган.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7