Рейн сланецтүү тоолору
Рейн сланецтүү тоолору (нем. Rheinisches Schiefergebirge) — Рейн дарыясынын ортонку агымынын эки өйүзүн бойлой жатат. Негизинен Германияда. Узундугу 400 кмдей, эң бийик жери 880 м (Гросер-Фельдберг чокусу). Сланец, кварцит, кумдук ж. б. тектерден. Рейн сланецтүү тоолору платону түзүп, андан 300–400 мге чейин кристаллдык массивдери (Таунус, Хунсрюк, Эйфель ж. б.) жана жанар тоо казанбактары көтөрүлүп жатат. Рейн, Мозель, Лан дарыясынын өрөөндөрү менен тилмеленген. Бук жана карагай токойлору өсүп, саздар кездешет. Түндүк этегинде Рур таш көмүр бассейни бар.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка