Салават Юлаев
Салават Юлаев (башк. Салауат Юлай улы, 5 (16). 6.1752, Текеево кыш., азыркы Башкыртстан, Салават району -26. 9(8. 10). 1800, Балтикадагы Рогервик порту, азыркы Эстон ССРи, Палдиски ш.) - башкырт элинин улуттук баатыры, Пугачёв башында турган дыйкандар согушунда (1773-75) башкырт отрядынын жетекчиси, төкмө акын.
1773-ж. октябрда башкырт отрядын (2 мин адам) баштан, Пугачёв таранга өткөн.1774-ж. 24-ноябрда колго түшүп, Рогервик чебине (Эстон ССРи) өмүр бою абакка салынган.Анын ырлары эл оозунда сакталган. Салават Юлаевдин ысмында Салават ш. аталган, адабият жана искусство жаатындагы эң жакшы чыгармалар үчүн Башкырт АССР мамлекеттик сыйлыгы белгиленген
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка