Сельдерей
Көпчө же Сельдерей (лат. Apium, L. 1753) - чатыр гүлдүүлөр тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк.
Жер шаарында 20- дай түрү таралган.Сельдерей жыттуу. суукка чыдамдуу. Сельдерейдин мөмө тамырлуу, калемчелеме жана жалбырактама түрү бар. Биринчи шылы тамыры же мөмө тамыры жана түп жалбырагы, экинчи жылы сабагы менен майда ак топ гүлү чыгат.Чополуу күр, ным топуракта жакшы өсөт.
Жалбырагында аскорбин кислотасы көп, мөмө тамырында 4,3% кант, о. эле калий, кальций, фосфор тузу бар. Сельдерей де витаминдер: тиамин, рибофлавин, никотин кислотасы жана эфир майы болот.
Сельдерей тамак-ашка татымал катары, консерва жана фармацевтика өнөр жайында пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка