Шалгам

Шалгам (Raphanus sativus) - кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы жашылча өсүмдүгү.

Бир жана эки жылдык. Бир жылдыгы эгилген жылы тамыр байлап, урук пайда кылат (европа сорттору). Эки жылдыгы (кытай, япон же күздүк сорттору) айдалган жылы тамыр байлайт да, экинчи жылы гүлдөп, уругу чыгат.

Көбүнүн тамыры майда (7-20 г), тоголок, сүйрү, Кызыл, кызгылт, көгүш. Уругу узундугу 2,7-7,5 см сагакта. Шалгам - суукка басымдуу өсүмдүк. Органикалык заттарга бай, кумдак топуракта жакшы өсөт.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.