Юридикалык факт

Юридикалык факты – таасын-так укук мамилеси келип чыгуучу (өзгөрүүчү, токтотуучу) мыйзамда каралган жагдайлар. Ал эки топко бөлүнөт: окуя жана иш-аракет. Ю. ф. арасынан ошондой эле укуктук абал да бөлүнүп турат (аскер кызматында, нике, туугандыкта, издөөдө, кызматта ж. б. турган). Ю. ф. кесепет мүнөзү боюнча укук түзүүчү, укук токтотуучу, укук өзгөртүүчү болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7