Октябрь (Аламүдүн району)

Октябрь, Аламүдүн району‎»‎ барагынан багытталды)

ОктябрьКыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагына кирет. Чүй дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 595 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 50 км түндүк тарапта. Бишкектен 45 км. Кыштак 1923-ж. негизделген. Орто мектеп, 3 китепкана, оорукана, дарыкана, 2 ФАП, Маданият үйү бар. Чакан ишканалар, айылдык ден соолук комитети, соода жана тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматы, базарчалар иштейт.

Отурукташкан жай
Октябрь
РайонКыргызстан
Координаттар43°07′01″ с. ш. 74°29′40″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4322 адамды (2007)
Сандык идентификаторлор
Октябрь (Аламүдүн району) (Кыргызстан)

Калкы

Калкы 4322 (2007), негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет

Колдонулган адабияттар

Булактар