Мазмунга өтүү

Постимпрессионизм

Википедия дан

Постимпрессионизм (французча  postimpressio­nisme; латынча post – артында, кийин) – өткөн кылымдын аягынан биринчи дүйнөлүк согушка чейин өкүм сүргөн жана импрессионизмдин артынан пайда болгон буржуазиялык көркөм искусствосундагы формалисттик багыттарды өз ичине камтыган термин. Адам баласынын көзү менен көргөн субъективдүү таасирлерине реалдуу чындыкты баш ийдирген импрессионизм заманбап буржуазиялык көркөм искусствонун бузулушунун биринчи белгиси болгон. «Жапайылар» тобунун сүрөтчүлөрүнүн, кубисттер мектебинин постимпрессионизминен баштап, француз формалисттик живописи натуранын ачык деформациясына, анатомия менен перспективаны таанууга, органикалык формалардын геометриялык элементтерге бурмаланышынан орто кылымдын, алгачкы коомдун адамдарынын көркөм искусствосунун архаикалык жана примитивдүү ыкмаларын тууроого өткөн. Постмипрессионисттер азыркы абстракттуу көркөм искусство деп аталган буржуазиялык мамлекеттердин көркөм искусствосуна жол салышкан.

Колдонулган адабияттарбулагын түзөтүү

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичИнтернетКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЭгемберди ЭрматовКыргызстанКокон хандыгыАлыкул ОсмоновБашкы баракКазакстанМанас эпосуКүнБарпы АлыкуловИсламРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Токтогул СатылгановЫсык-КөлНизами ГянжавиЭлектр тогуЫсык-Көл ойдуңуАтайын:SearchЭкономикаБайдылда СарногоевМеталлПланетаКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыОрусияИнтернет тарыхыЖакшылыков АсанЧал жана деңизТоп жылдызБаткен облусуСаймалуу ташМанасТүгөлбай СыдыкбековУлуу Ата-Мекендик согушКомпьютердик тармакЕвразияКурманжан Датка