Акционер

Акционер (фр. actionnaire ) – алар боюнча үлүштүк киреше түрүндө киреше алуучу акция ээси. Акционердик коомдун алдында акционер акционердик капиталдын өзү сатып алган, акция түрүндө берилген бөлүгүн төлөп берүүгө гана милдеттүү. Акционер башка милдеттенмелери атайын мыйзамда жана акционердик коомдун уставында көрсөтүлүшү мүмкүн. Жөнөкөй (добуш берүүчү) акцияга ээ акционер үлүштүк киреше алгандан тышкары акционердик коомду башкарууга катышууга укуктуу.


Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7