Чүй облусу

Кыргызстандагы облус

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүк жагында Чүй өрөөнүндө жайгашкан, 1939-жылында 21-ноябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Фрунзе облусу болуп түзүлүп, 1959-жылы жоюлган. 1990-жылы республикалык баш ийүүдөгү райондордон азыркы аталыш менен калыбына келтирилген.

Чүй облусу
Өлкө

Кыргызстан

Административдик борбор

Бишкек

Б.ири шаары

Токмок, Кара-Балта, Кант

Башчысы

Бактыбек Жапарович Кудайбергенов

Расмий тили

Кыргыз тили, орус тили

Калкы

959 884[1]

Жыштыгы

40,5 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити
 • Эң төмөнкү чекити



 4895 м
 550 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

KG-C

Расмий сайты

Түндүк жана батыштан Казакстан Республикасы менен, түштүк-батыштан Талас, Жалал-Абад, түштүгүнөн Нарын, түштүк-чыгышта Кыргызстандын Ысык-Көл облустары менен чектешет.

Географиясы

Ал Чүй, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин жана Суусамыр өрөөндөрүнүн аймактарын, Кыргыз Ала-Тоосунун, Иле Ала-Тоосунун, Күнгөй Ала-Тоосунун капталдарын камтыйт.

Деңиз деңгээлинен 550-4895 метр бийиктикте жайгашкан.

Облусттун шаарлары

Чүй облусунун акимий борбору Бишкек шаары болуп саналат, ал дагы Кыргызстан Республикасынын борбору. Бишкек республикалык баш ийүүдөгү шаары болгондуктан, Чүй облусунун курамына кирбейт. Демек, облус боюнча статистикада (калк ж.б.) Бишкек шаары боюнча сандар жок.

Ири шаарлары: Токмок (2003-2007-жылдары облустун мурдагы борбору), Кант жана Кара-Балта.

Облуста 4 шаар, 5 шаар түрүндөгү айыл, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар.ЧҮЙ ОБЛУСУ Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала- тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар- дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба- шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы- гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында- шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой- рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү- гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында).Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы- ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан- чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат.

Улуттук курамы

Экономикалык миграциянын натыйжасында орустар, украиндер жана башка жергиликтүү эмес улуттар азайганы менен аймактын улуттук курамы дагы эле өтө аралаш мүнөзгө ээ.

Административдик-аймактык түзүлүшү

КартаАталышТуу, гербТуруктуу калк
2021, адам[2]
Баш йиген айыл аймактар (а. а.), шаарлар

жана шаар тибиндеги посёлоктор[3]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Аламүдүн районужок188 484Ак-Дөбө айыл аймагыКайырма а., Молдовановка а.
Ала-Арча айыл аймагыМраморное а., Рассвет а.
Аламүдүн айыл аймагыАламүдүн а., Садовое а.
Арашан айыл аймагыАрашан а., Татыр а.
Байтик айыл аймагыБайтик а., Арчалы а., Байгелди а., Баш-Кара-Суу а., Кашка-Суу а.
Васильевск айыл аймагыВасильевка а., Виноградное а., Полевое а., Привольное а.
Грозденск айыл аймагыГроздь а., Ат-Башы а., Бирдик а., Экинчи Беш Жылдык а а., Лесное а.
Кара-Жыгач айыл аймагыКара-Жыгач а., Бек-Тоо а.
Көк-Жар айыл аймагыКөк-Жар а.
Лебидиновск айыл аймагыЛебидиновка а., Восток а., Дачное а.
Ленин айыл аймагыЛенин а., Константиновка а., Мыкан а.
Маевский айыл аймагыМаевка а.
Октябрь айыл аймагыОктябрьское а., Лубяное а., Чүй а.
Пригород айыл аймагыПригородное а., Достук а., Озёрное а., Степное а.
Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагыТөмөнкү Ала-Арча а.
Таш-Дөбө айыл аймагыТаш-Дөбө а., Заречное а., Малиновка а., Сүймөнкул Чокморов атындагы а.
Таш-Мойнок айыл аймагыТаш-Мойнок а., Кой-Таш а., Беш-Күңгөй а., Тоолу Маевка а., Кызыл-Бирдик а., Подгорное а., Прохладное а.
Жайыл районужок112 211Кара-Балта шаарыжок
Ак-Башат айыл аймагыАк-Башат а., Айдарбек а., Арал а., Новониколаевка а.
Жайыл айыл аймагыАлексеевка а., Жайыл а.
Кара-Суу айыл аймагыКара-Суу а., Ставрополовка а.
Красновосточный айыл аймагыКалинин а., Калдык а., Кара-Дөбө а.
Кызыл-Дыйкан айыл аймагыКызыл-Дыйкан а., Петропавловка а.
Полтавск айыл аймагыПолтавка а., Малтабар а., Орто-Суу а.
Сары-Булак айыл аймагыСары-Булак а., Моңолдор а.
Сары-Коо айыл аймагыАлтын а., Жекен а., Жон-Арык а., Ийри-Суу а., Фёдоровка а., Эриктүү а.
Сосновск айыл аймагыСосновка а.
Степнинск айыл аймагыСтепное а.
Суусамыр айыл аймагыСуусамыр а., Кайсар а., Бринчи Май а., Тунук а., Кожомкул а., Каракол а., Кызыл-Ой а.
Талды-Булак айыл аймагыБекитай а., Бөксө-Жол а., Кайырма а.,
Кемин районужок48 360Кемин шаарыжок
Орловка шаарыжок
Борду шаар тибиндеги посёлокжок
Ак-Түз айыл аймагыАк-Түз а.
Алмалуу айыл аймагыАлмалуу а., Борду а., Кызыл-Суу а.
Боролдой айыл аймагыБоролдой а.
Дүйшеев айыл аймагыКичи-Кемин а.
Жаңы-Алыш айыл аймагыЖаңы-Алыш а.
Ильичевск айыл аймагыИльичевское а., Жаңы-Жол а., Советское а.
Кара-Булак айыл аймагыКара-Булак а., Алтымыш а., Бейшеке а., Чуйское а.
Көк-Ойрок айыл аймагыКайыңды а., Кароол-Дөбө а., Тегирменти а.
Кызыл-Октябрь айыл аймагыКызыл-Октябрь а., Белый-Пикет а., Жел-Арык а., Дорожное а., Кашкелең а., Кыз-Кыя а., Сасык-Булак а., Ударник а., Чолок а.
Чоң-Кемин айыл аймагыШабдан а., Калмак-Ашуу а., Кызыл-Байрак а., Тар-Суу а., Төрткүл а.
Чым-Коргон айыл аймагыЧым-Коргон а.,Новомихайловка а., Самансур а.
Москва районужок103 007Ак-Суу айыл аймагыАк-Башат а., Ак-Торпок а., Бала-Айылчы а., Кепер-Арык а., Мураке а., Төмөн-Суу а., Чоң-Арык а.
Александровск айыл аймагыАлександровка а., Беш-Өрүк а., Крупское а.
Беш-Терек айыл аймагыБеш-Терек а.
Беловодское айыл аймагыБеловодское а., Кош-Дөбө а.
Биринчи-Май айыл аймагыАк-Суу а.
Петровск айыл аймагыПетровка а., Заводское а., Кызыл-Туу а.
Предтеченск айыл аймагыПредтеченка а., Аң-Арык а.
Садовск айыл аймагыСадовое а.
Сретенск айыл аймагыСретенка а., Большевик а., Заря а.
Телек айыл аймагыТөлөк а.
Целина айыл аймагыКыз-Моло а.
Чапаев айыл аймагыАк-Сөөк а., Маловодное а., Спартак а.
Панфилов районужок47 938Кайыңды шаарыжок
Вознесеновск айыл аймагыВознесеновка а., Орто-Кайырма а., Эркин-Сай а.
Курама айыл аймагыЖайылма а., Панфилов а., Орто-Арык а., Эфиронос а.
Күрпүлдөк айыл аймагыКүрпүлдөк а., Киров а., Ровное а.
Орто айыл аймагыТельман а., Букара а., Кум-Арык а.
Фрунзе айыл аймагыЧалдыбар а., Чолок-Арык а., Чорголу а.
Чалдыбар айыл аймагыБиринчи Май а., Озёрное а., Октябрь а., Ойронду а.
Сокулук району
194 579Шопоков шаарыжок
Асылбаш айыл аймагыАсылбаш а., Киров а.
Ат-Башы айыл аймагыАк-Жол а., Манас а., Лесное а., Төрт-Көл а.
Биринчи Май айыл аймагыБирнчи Май а., Национальное а., Панфилов а.
Военно-Антоновск айыл аймагыВоенно-Антоновка а.
Гаврилов айыл аймагыГавриловка а., Жангарач а., Романовка а., Шалта а.
Жыңы-Жер айыл аймагыЖаңы-Жер а., Верхневосточное а., Западное а., Зелёное а., Нижневосточное а.
Жаңы-Пахта айыл аймагыЖаңы-Пахта а., Ак-Кашат а., Заря а., Май а., Мирный а.
Кайназарова атындагы айыл аймагыБелек а., Чат-Көл а., Түз а.
Крупская атындагы айыл аймагыЖакынкы Арал а., Алыскы Арал а., Бирнчи Май а., Сокулук а.
Камыш айыл аймагыКамышановка а.
Күнтуу айыл аймагыКүнтуу а., Достук а., Кичи Шалта а., Шалта а., Чоң-Жар а.
Кызыл-Туу айыл аймагыКызыл-Туу а., Кара-Сакал а., Маловодное а., Новое а., Токбай а.
Төмөнкү Чүй айыл аймагыТөмөнкү Чүй а., Мирное а., Садовое а., Северное а., Степное а., Талтак а.
Новопавловка айыл аймагыНовопавловка а., Учкун а.
Орок айыл аймагыЖал а., Жогорку Орок а., Калтар а., Кашка-Баш а., Төмөнкү Орок а., Плодовое а., Сарбан а., Селекционное а.
Саз айыл аймагыСаз а., Конуш а.
Сокулук айыл аймагыСокулук а.
Төш-Булак айыл аймагыТөш-Булак а., Бөрүлү а., Четинди а.
Фрунзе айыл аймагыФрунзе а., Комсомольское а., Озёрное а., Студенческое а.
Чүй районужок54 622Ак-Бешим айыл аймагыАк-Бешим а., Жаңы-Жол а., Калыгул а.
Бурана айыл аймагыБурана а., Алга а., Дөң-Арык а., Мээнеткеч а.
Ибраимов айыл аймагыКошой а., Кара-Ой а., Кызыл-Аскер а., Ленин а., Ленин-Жол а., Талды-Булак а.
Искринск айыл аймагыИскра а., Восточное а., Жаңы-Турмуш а., Железнодорожное а., Кара-Дөбө а.,
Кегети айыл аймагыКегети а., Арпа-Тектир а., Акматбек а., Советское а., Чапаев а.
Кош-Коргон айыл аймагыКош-Коргон а.
Он Бир-Жылкы айыл аймагыОн Бир-Жылга а., Маданият а., Кайырма а., Прогресс а.
Сайлык айыл аймагыСайлык а., Жаңы-Чек а., Виноградное а.
Чүй айыл аймагыЧүй а., Арал а., Садовое а.
Шамшы айыл аймагыШамшы а., Карагүл а., Кош-Кашат а., Чоң-Жар а.
Ысык-Ата районужок154 340Кант шаарыжок
Ак-Кудук айыл аймагыАк-Кудук а., Биринчи Май а., Киров а., Котовское а., Хун Чи а.
Бирдик айыл аймагыБирдик а., Хун Чи а.
Жээк айыл аймагыЖээк а., Дмитриевка а., Гагарин а.
Иванов айыл аймагыИвановка а.
Интернационал айыл аймагыИнтернационал а., Жар-Башы а.
Ысык-Ата айыл аймагыАлмалуу а., Горная Серафимовка а., Жогорку-Ичке-Суу а., Ичке-Суу а., Карагай-Булак а., Норус а., Таш-Башат а., Тогуз-Булак а., Үч-Эмчек а.
Кең-Булуң айыл аймагыКең-Булуң а., Гидростроитель а., Дружба а., Чолпон а.
Кочкорбаев айыла аймагыКеңеш а., Доктурбек Курманалиев а., Будённовка а.
Краснореченск айыл аймагыКрасная Речка а.
Логвиненко айыл аймагыНовопокровка а., Чоң-Далы а.
Люксембург айыл аймагыЛюксембург а., Киршёлк а.
Милянфан айыл аймагыМилянфан а.
Сын-Таш айыл аймагыСын-Таш а., Ак-Сай а., Жетиген а., Кызыл-Арык а., Өтөгөн а., Рот-Фронт а., Советское а., Тельман а.
Новопокровка айыл аймагыНовопокровка а., Ленин а., Сары-Жон а.
Нурманбет айыл аймагыНурманбет а., Алиаскар Токтоналиев а., Биринчи Май а.
Туз айыл аймагыТуз а., Дайырбек а., Жайалма а., Төмөнкү Серафимовка а.
Узун-Кыр айыл аймагыДружба а., Жер-Казар а., Нижний Норус а.
Юрьевка айыл аймагыЮрьевка а., Ысык-Ата а.
Токмок шаары
71 443жокжок

Булактар