Талас облусу

Талас облусу - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2022-жылдагы эсеп боюнча 274 029 адамдан турат. Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет. Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген. Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон.Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.

Талас облусу
Өлкө

Кыргызстан

Административдик борбор

Талас шаары

Башчысы

Эралиев Дастан

Расмий тили

Кыргыз тили

Калкы

263 500

Жыштыгы

20,33 адам/км²

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

KG-T

Расмий сайты

Административдик-аймактык түзүлүшү

КартаАталышТуу, гербТуруктуу калк
2021, адам[1]
Баш ийген айыл аймактар (а. а.) жана шаарлар[2]Айыл аймактарга жана шаардарга кирген айылдар
Бакай-Ата районужок53 359Ак-Дөбө айыл аймагыАк-Дөбө а., Кызыл-Сай а., Кызыл-Чарба а.
Акназаров айыл аймагыКызыл-Октябрь а., Көк-Таш а., Маданият а., Таш-Кудук а., Үр-Малар а.
Боо-Терек айыл аймагыБоо-Терек а.
Кең-Арал айыл аймагыКең-Арал а.
Ленинполь айыл аймагыБакай-Ата а., Наматбек а.
Миң-Булак айыл аймагыМиң-Булак а.
Өзгөрүш айыл аймагыӨзгөрүш а.
Орос айыл аймагыКыргызстан а., Жон-Коргон а., Биринчи Май а.
Шадыкан айыл аймагыЫнтымак а., Түйтө а.
Кара-Буура районужок69 180Ак-Чий айыл аймагыЖоон-Дөбө а., Жийде а.
Аманбаев айыл аймагыАманбаев а., Ак-Жар а., Куру-Маймак а., Суулу-Маймак а.
Бакайыр айыл аймагыАк-Башат а., Кара-Сай а.
Бакыян айыл аймагыБакыян а., Тамчы-Булак а., Камаш а.
Бейшеке айыл аймагыБейшеке а., Кара-Буура а., Кара-Суу а.
Кара-Буура айыл аймагыКызыл-Адыр а., Чоң-Кара-Буура а., Үч-Булак а.
Көк-Сай айыл аймагыКөк-Сай а., Кайнар а.
Маймак айыл аймагыМаймак а.
Чолпонбай айыл аймагыЧымгент а., Көк-Дөбө а.
Шекер айыл аймагыШекер а., Арчагул а.
Манас районужок37 505Кайыңды айыл аймагыАрал а., Кайыңды а., Нылды а., Сары-Булак а., Чеч-Дөбө а.
Кыргызстан айыл аймагыТалас а., Көк-Дөбө а., Манас а.
Май айыл аймагыМай а., Новодонецкое а.
Покровка айыл аймагыПокровка а., Бала-Сары а., Жайылган а., Кара-Арча а., Сөгөт а.
Үч-Коргон айыл аймагыКызыл-Жылдыз а., Ак-Таш а., Жийде а., Кеңеш а., Чоң-Капка а., Таш-Башат а., Үч-Коргон а.
Талас районужок70 642Айдаралиев айыл аймагыКөпүрө-Базар а.
Арал айыл аймагыАрал а.
Бекмолдо айыл аймагыСасык-Булак а., Кара-Ой а., Кеңеш а., Чоң-Токой а.
Бердике Баатыр айыл аймагыКум-Арык а., Арашан а., Козучак а.
Жерге-Тал айыл аймагыКызыл-Туу а., Көк-Кашат а., Чыйырчык а.
Долон айыл аймагыТаш-Арык а., Ак-Жар а., Орто-Арык а.
Калба айыл аймагыКалба а., Атай Огонбаев а., Балбал а., Беш-Таш а.
Кара-Суу айыл аймагыКара-Суу а.
Көк-Ой айыл аймагыКөк-Ой а.
Кууганды айыл аймагыҮч-Эмчек а.
Нуржанов айыл аймагыЖон-Арык а., Көк-Токой а.
Өмүралиев айыл аймагыМанас а., Чат-Базар а.
Осмонкулов айыл аймагыТалды-Булак а., Ак-Коргон а.
Талас шаары
40 308жокжок

Булактарга шилтемелер