Асыл таш

Асыл таш – иштетилген жана/же иштетилбеген табигый алмаз, алоо, лаал, сапфир, александрит, бермет жана алтынташ. А. т. илимий аспаптарды, жабдууларды, жабдыктарды, техникалык багыттагы буюмдарды, ошондой эле турмуш-тиричилик буюмдары менен зергерчилик жасалгаларын жасоодо колдонулушу мүмкүн. А. жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, анын бирдиктүү чен-өлчөмү карат (1 карат = 200 мг) болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7