Аэродинамикалык ысуу

Аэродинамикалык ысуу – абанын молекулалары жогорку ылдамдыкта учкан нерсеге келип тийгенде анын бетинде тормоздолуу процесси пайда болот.

Эгерде учуу үндөн тез ылдамдыкта өтсө, анда тормоздоо процесси согуу толкунунда пайда болот. Андан кийин абанын молекулаларынын тормоздолушу нерсенин бетине жетет, б. а. чегаралык катмарда болот. Абанын молекулаларынын агымы тормоздолгондо алардын чаржайыт кыймылынын энергиясы көбөйөт жана кыймылдагы нерсенин бетине жакын абанын температурасы жогорулайт.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0