Басра
Басра, Бассора — Ирак Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Калкы 2,02 млн (2005). Шатт-эль-Араб дарыясындагы ири порт. Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуунун жана ажыратуунун борбору. Химия, текстиль өнөр жайы, университет иштейт. Басраны 637-38-ж. халиф Омар негиздеген. 8-9-кылымда Араб халифатынын маданий жана экономикалык борбору болгон. 1258-ж. монголдор тарабынан талкаланган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ирактын карамагына өткөн. Эски Басранын урандылары сакталган.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч