Димаш Кудайберген

Димаш Кудайберген (каз. Димаш Құдайберген), толук аты — Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов (каз. Дінмұхаммед Қанатұлы Құдайберген; 24-май 1994, Актөбө, Казакстан) — казакстандык ырчы, композитор жана мультиинструменталист.

Димаш Кудайберген
каз. Димаш Құдайберген
Файл:Kudaibergen in 2020 (cropped) (49511144297).jpg
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов

Толук ысымы

Динмухаммед Канат уулу Кудайбергенов

Туулган датасы

24 -май 1994(1994-05-24) (29 жаш)

Туулган жери

Актөбө, Актөбө облусу, Казакстан

Өлкө

Казакстан желеги Казакстан

Кесиптери

музыкант, ырчы

Ырчылык үнү

контратенор, тенор

Аспаптары

домбра

Жанрлары

эстрада, опера, фолк

Активдүү жылдары

2015 — азыркы учурда

Сыйлыктары

17 TopCheniseMusic Awards — «Best International Artist»;
24 Top China's Music Awards - «Best Asian Singer»;
Top Global Chinese Music - «Песня года»

http://www.dimashkudaibergen.com

Өмүр баяны

1994—2014: Бала кези жана карьерасынын башталышы

Димаш Кудайберген 1994-жылы 24-майда Актөбө шаарында Казакстан Республикасынын маданият кызматкерлери, таанымал ырчылар Канат Кудайберген уулу менен Светлана Айтбаеванын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Димаштын атасы Канат Айтбаев - облустук филармониянын башчысы, апасы Светлана Айтбаева – облустук кеңештин депутаты. Димаштын чоң ата-энелери да музыка адамдары. Бири домбрада ойносо, экинчисинин ырдыганга жөндөмдүүлүгү чоң. Димаштын Раушан аттуу карындашы, Мансур аттуу иниси бар.

Эң алгач ирет спектакльде ойноо менен тааныла баштаган. Беш жашында музыкалык коллеждин сахнасында алгач ирет ырчы катары ырдап чыккан. Алты жашында «Айланайын» республикалык байкоосунда «Фортепиано» номинациясында жеңүүчү аталган. 2010-жылы «Байконурдун шаңкылдаган үндөрү» эл аралык фестивалынын І байге лауреаты аталган. 2012-жылы «Жаш канат» республикалык жаш ырчылар байкоосунун Гран-при байгесине ээ болгон. 2012-жылы «Чыгыш базары» эл аралык байкоосунда І байге лауреаты аталган. Бир жылдан соң, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мейкин Азия» І эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү болгон. 2014-жылы Актөбө шаарында А. Жубанов атындагы музыкалык коллежинде «академиялык ырдоо» факультетин бүтүрүп, Казак улуттук өнөр университетинин «эстрада өнөрү» факультетине тапшырган. Ошол эле жылы 30-декабрьда Казакстандын «Дарын» мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

2015—2016: «Славян базары», эл аралык аткаруулар жана турне

Чыныгы атагы Витебск шаарында XXIV эл аралык эстрадалык ырчылар «Славян базары-2015» байкоосунда Гран-при жеңип алган соң келген. Эки күн ичинде, жаш ырчы 175 упай топтогон. Биринчи күнү ал Константин Меладзенин «Опять метель» ырын, экинчи күнү француз ырчысы Даниэль Балавуан репертуарынан алынган «Sos dun terien un detresse» ырын ырдаган. Кыргызстанда өткөн «Мейкин Азия 2015» фестивалында, Италиянын Милан шаарында өткөн Expo 2015 көргөзмөсүндө конок катары катышкан. 2015-жылы 28-октябрьда Ыстанбулда Димаш Кудайбергенов «Abu TV» эл аралык фестивалында Казакстандын атынан алгач ирет катышкан. 2015-жылы 28-декабрьда «Жылдын адамдары» сыйлыгын тапшыруу аземинде Димашка «Жылдын ырчысы» наамы берилген.

2016-жылы 1-январьда Димаштын алгачкы кичи-альбому жана «Аяз бороон» ырына видеоклип жарыкка чыккан. 22-январьда «Элдин сүймөнчүлүгү» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Эстраданын артисти» наамы тапшырылган. 2016-жылдын март жана апрель айларында Димаш Казак улуттук университетинин симфониялык оркестри менен бирге Австрия, Словения, Сербия мамлкететеринде өткөн турнеге катышып, «SOS d’un terrien en detresse» ырын аткарган. Апрельден декабрьга чейин өзүнүн алгачкы концерттик турнесин өткөзгөн. Турне Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына арналып, өлкөнүн 25 аймагында болуп өткөн 25 концерттен турган. Турдун атын «Унутулбас күн» деп атаган. «Бир нече ай катар «Бала үнү 2016» байкоосунда калыстар тобунун мүчөсү болгон. Октябрь айында Парижде өткөн ЮНЕСКОнун иш-чарасында ырдаган. Ноябрьда Сеулда өткөн түрк элдеринин маданиятынын фестивалында Түштүк Корея, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан президенттеринин алдында ырдап берген. 2016-жылдын аягында Казакстандын президентинин маданият тарабындагы мамлекеттик стипендиясына ээ болгон.

2016-жылда тарта: «Сингер-2017», Кытайдагы жетишкендиги

2016-жылдын аягында Димаш Кудайберген «Хунан ТВ» телеканалындагы «Singer» («Сингер») вокалдык байкоонун бешинчи сезонуна катышкан. Кийин Димаш Бейжиндеги «Black Gold Talent» агенттиги келишим түзгөн. Ал шоунун тарыхындагы эң жаш катышуучу болуп, профессионалдуу кытайлык ырчылар менен жарышкан. Жыйынтыгында Димаш финалга жеткен, бирок Гонконгтун ырчысы Сэнди Лэмден калып калып, экинчи орунга ээ болгон.

«Сингер 2017» — Димаш Кудайберген алган орундар
ТурРаундТрансляциянын датасыЫрдын атыАлгачкы аткаруучуЫр жөнүндө маалыматОрунДобуштар пайызыТиркемелер
11-чи тандап алуу21-январь 2017«SOS d’un terrien en détresse» (француз тилинде)Даниэль БалавуанСөзү: Люк Пламондон

Обону: Мишель Бергер

Аранжировка: Куберт Леунг

127,00 %1-чи орун жалпы эсепте
21-чи байкоодон кетүүгө28-январь 2017«Опера 2»ВитасСөзү: Витас, В.Боровский

Обону: Витас

Аранжировка: Да Ридан

124,36 %1-чи орун жалпы эсепте
31-чи жарыш4-февраль 2017«The Show Must Go On» (англис тилинде)«Queen»Сөзү: Брайан Мэй

Обону: Queen

Аранжировка Ерлан Бекчурин

314,82 %-
42-чи байкоодон кетүүгө11-февраль 2017«Кеч күз»

(кытай тилинде: 秋意浓)

Жеки ЧеунгСөзү: Дэрил Яо

Обону: Коджи Тамаки

Аранжировка: Самал Ермаханов

315,56 %2-чи орун жалпы эсепте
52-чи жарыш18-февраль 2017«Uptown Funk» (англис тилинде)Марк Ронсон, Бруно МарсСөзү/обону: Девон Кристофер, Галласпай, Марк Ронсон, Бруно Марс, Николас Уильямс, Филип Мартин Лоуренс второй, Джефф Баскер

Аранжировка:

Кид

611,64 %-
63-чү байкоодон кетүүгө25-февраль 2017«Adagio» (англис тилинде)Лара ФабианСөзү/обону: Томасо Альбинони, Рик Эллисон, Лара Фабиан, Дейв Пикелл

Аранжировка:

Ерлан Бекчурин

123,88 %2-чи орун жалпы эсепте
73-чү тандап алуу4-март 2017«Дайдидау» (казак тилинде)НеизвестенСөзү: Магжан Жумабаев Обону: белгисиз

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

317,30 %-
84-чү байкоодон кетүүгө11-март 2017«Рассвет» (кытай тилине: 天亮了)Хан ХонгСлова/обону: Хан Хонг

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

59,79 %5-чи орун жалпы эсепте
94-чү жарыш18-март 2017«All by Myself» (англис тилинде)Эрик КарменСөзү: Эрик Кармен

Обону: Эрик Кармен, Сергей Рахманинов

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

217,63 %-
105-чи байкоодон кетүүгө25-март 2017«Ұмытылмас күн» (казак тилинде)Димаш КудайбергенСөзү: Канат Айтбаев (каз.)

Обону: Димаш Кудайберген

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

316,71 %1-чи орун жалпы эсепте
Сөзү: Кайша Табараккызы (кит.)

Обону: Димаш Кудайберген

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

11озуп кетүүгө1-апрель 2017Катышкан эмес (биринчи турдан тарта келе жаткан үчүн)
12полуфинал8-апрель 2017«Confessa» (италян тилинде)Адриано ЧелентаноСөзү: Могол (итал.)

Обону: Джанни Белла

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

219,35 %-
Сөзү: Танг Тиан (кит.)

Обону: Джанни Белла

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

«The Diva Dance»Инва Мула-ЧакоКомпозитор: Эрик Серра

Аранжировка: Ерлан Бекчурин

13финал15-апрель 2017попурри «Майкл Жексонго арноо» (англис тилинде)Аранжировка: Ерлан Бекчурин, Чен Ди217,59 %Шанг Венженин (Лауре Шанг) кошумча вокалы

2-чи орун полуфинал жана финалдын жыйынтыгы боюнча («Сингер 2017» байкоосунда экинчи орун)

Добуш берүүнүн бириккен жыйынтыгы 18,47 %

«The Way You Make Me Feel»Майкл ЖексонСөзү/обону:

Майкл Жексон

«Billie Jean»Сөзү/обону:

Майкл Жексон

Билл Боттрелл

Тедди Райли

«Dangerous»
«Earth Song»
14эки жылдык концерт 201722-апрель 2017«Махаббат бер маған» (казак тилинде)Димаш КудайбергенСөзү: Мунайдар Балмолда

Обону: Айгуль Бажанова

Аранжировка:

Ерлан Бекчурин

-

Жеке жашоосу

Димаш казак жана орус тилдеринде сүйлөйт, англис тилин жана кытай тилинин мандарин диалектин үйрөнүүдө. Димаш Майкл Жексона, Ермек Серкебаев, Селин Дион, Лара Фабиан жана Лучано Паваротти атту аткаруучулардын музыкалык чыгармачылыктарынын таасиринде экенин билдирген. Ал Казакстанды дүйнөгө ырчы катары таанытарын бир ниче ирет айткан

Сыйлыктары жана жетишкендиктери

Байкоолору
ДатаБайкооӨткөн жериЖыйынтыгы
2000«Айланайын» балдар байкоосуАктөбө, Казакстан1-орун «Фортепиано» номинациясында
2010«Байконурдун шаңкылдаган үндөрү» XV вокалдык байкоосуБайконур, Казакстан1 байге
20-май 2012«Жаш Канат» XXI жаш аткаруучулар байкоосуАстана, КазакстанГран-при
9-сентябрь 2012«Чыгыш базары» VIII эл аралык байкоосуЯлта, Украина1 байге
19-июль 2013«Мейкин Азия» І эл аралык фестивалыЫсык-Көл, КыргызстанГран-при
13-июнь 2015«Славян базары» XXIV эл аралык фетивалыВитебск, БеларусьГран-при
Январь-апрель 2017«Сингер 2017» Хунан ТВЧанша, Китай2-орун
Сыйлыктары
ДатаСалтанатӨткөн жериСыйлык
30-декабрь 2014Казакстандын өкмөтүнүн «Дарын» мамлекеттик жаштар сыйлыгыАстана, Казакстан«Эстрада»
28-декабрь 2015«Жылдын адамдары»Астана, Казакстан«Певец года»
22-январь 2016«Элдин сүймөнчүлүгү» улуттук сыйлыгыАстана, Казакстан«Артист эстрады»
2-февраль 2016Казакстан элдеринин АссамблеясыАстана, КазакстанАрдак грамотасы
30-декабрь 2016Астана, КазакстанКазакстандын президентинин маданият тарабындагы мамлекеттик стипендиясы
3-март 2017Казакстандын президентинин фондунун сыйлыгыАстана, КазакстанЛауреат
27-март 2017ERC Chinese Top Ten Awards 24-чү сезонуШанхай, Кытай«Азиянын эң популярдуу ырчысы» (Most Popular Asian Singer)
9-апрель 2017Top Chinese Music Awards 17-чи сезонуШэньчжэнь, Гуандун, Кчтай«Эң популярдуу чет элдик артист»
26-апрель 2017Казакстан элдеринин Ассамблеясынын 25-сессиясыАстана, КазакстанКазакстан президентинин жол акылы
26-май 2017«ОК!» журналынын гала-кечесиБейжин, Кытай«Жылдын эң популярдуу ырчысы»
19-июль 2017«Тенсент МТВ Азия» гала-концертиГуанчжоу, Кытай«Эң популярдуу чет элдик ырчы»
20-июль 2017«MTV Global Chinese Music Awards» сыйлыгын тапшыруу аземиШэньчжэнь, Гуандун, Кытай«Эң мыкты чет элдик ырчы»
9-август 2017«Chinese Golden Melody Awards» сыйлыгын тапшыруу аземиГонконг, Кытай«Сүйүктүү ырчы»
27-август 2017Жаңы Азия ыры фестивалыБейжин, Кытай«Жылдын мыкты чет элдик чыгармачылык инсаны»
29 ноября 2017«Awakening Time Fashion» кечки гала-концерт иБейжин, Кытай«Инновациялык убактын лидери»
2-декабрь 2017«iQIYI Screaming Night» ар жылдык гала-концертиБейжин, Кытай«Эң популярдуу ырчы»
21-декабрь 2017«Beauty Touching» ар жылдык кайрымдуулук гала-концертиБейжин, Кытай«Эң мыкты эл аралык ырчы»
27-декабрь 2017«Golden Mango Stars» сыйлыгын тапшыруу аземи«Эң популярдуу ырчы»
18-январь 2018Вейбо сыйлыгын тапшыруу аземиБейжин, Кытай«Жылдын жаңы музыкалык күчү»
27-январь 2018«Global Chinese Golden Chart» сыйлыгын тапшыруу аземиБейжин, Кытай«Жылдын көрүнүктүү артисти»
1-февраль 2018«Алак жана Жол» эл аралык жазгы фетивалынын гала-концертиБейжин, КытайКытай менен Казакстандын «Достук элчиси»

Достукка көрүнүктүү салым кошкону үчүн сыйлык

10-февраль 2018«Global Chinese Music Top 10» сыйлыгын тапшыруу аземиБейжин, Кытай«Жылдын эң популярдуу ырчысы»
1-декабрь 2018«Жылдын ыры» концертиМосква, Орусия«Жылдын ыры» диплому

Эл алдында чыгуулары

Солдук концерттери
ДатаАтыӨткөн жери
27-июнь 2017«Бастау» концертиАстана, Казакстан
16-декабрь 2017«D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концертиЧанша, Кытай
5-январь 2018«D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концертиФучжоу, Кытай
19-май 2018«D-Dynasty» дүйнөлүк турнесинин концертиШеньчжень, Кытай
19-ноябрь 2018«DQ» концертиЛондон, Англия

Дискографиясы

Альбом
жылыАталышыТилиЫрлар
2016Димаш КудайбергенКазак«Еркелейтейiн»

«Көркемім»

«Дайдидау»

«Туған жер»

Синглдары
ЖылыКыргыз тилинде аталышыНуска тилинде аталышыТиркмелер
2018«Өкүнүч»Казакча: «Өкініш»Премьерасы 2018-жылы 19-майда Шеньчженьде «D-Dynasty» концертинде болгон
2018«Неверленд»Кытайча: 熱鬧星球«Тирүү планеты» студиялык версиясы
2018«Кыйкырык»Англисче:«Screaming»Англис тилинде алгачкы ыр
2018«Кайтадан сүйүп баштайм»Кытайча: 重啟愛情«Менин идолум» сериалына санудтрек
2017«Айдай энем»Кытайча: 月亮媽媽Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017«Тирүү планета»Кытайча: 熱鬧星球Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017«Согуш жана тынчтык»Кытайча: 戰爭與和平Премьерасы 2017-жылы 16-декабрьда Чаншада «D-Dynasty» концертинде болгон
2017«Махабат бер мага»Кытайча: 困在愛裡面«Махабат бер мага» ырынын кытайлык версиясы
2017«Таажы»Кытайча: 荊棘王冠«Ким экен» ырынын кытайлык версиясы

«Xiaomi Super GOD MOBA» оюнуна саундтрек

2017«Убакыт аралык океан»Кытайча: 时光·沧海Moonlight Blade Online» оюнуна саундтрек
2017«Алга Пауэр Рейнжерлер»Англисче: «Go Go Power Rangers»«Пауэр рейжерлер» тасмасына саундтрек
2017«Түбөлүктүү элес»Кытайча: 拿不走的记忆«Элестер салгылашы» тасмасына саундтрек
2017«Лейла»Казакча: «Лейла»Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017«Сөз соңу»Казакча: «Сөз соңы»Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017«Ким экен»Казакча: «Кім екен»Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017«Таттуу элес»Казакча: «Тәтті елес»Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017«Жылдызым»Казакча: «Жұлдызым»Премьерасы 2017-жылы 27-июльда Астанада «Bastau» концертинде болгон
2017«Салам»Казакча: «Сәлем»Премьерасы «Bastau» концертинин илгерлөөсүндө болгон
2017«Махабат бер мага»Казакча: «Махаббат бер маған»Премьерасы 2017-жылы 22-апрельда Чаншада «Сингер» конкурсунун гала-концертинде болгон
2016«Ак тилек»Казакча: «Ақ тілек»
2015«Ак куум»Казакча: «Аққуым»Майра Мухамед кызы менен дуэтте
2015«Унутулбас күн»Казакча: «Ұмытылмас күн»
Музыкалык видео
ЖылыКыргыз тилинде аталышыНуска тилинде аталышыТиркмелер
2018«Кыйкырык»Англисче: «Screaming»
2017«Убакыт аралык океан»Кытайча: 时光·沧海
2017«Алга Пауэр Рейнжерлер»Англисче: «Go Go Power Rangers»
2017«Түбөлүктүү элес»Кытайча: 拿不走的记忆
2015«Аяз бороон»Казакча: «Аяз қырау»«Опять метель» ырынын казакчасы
2014«Көркөмүм»Казакча: «Көркемім»
2013«Дайдидау»Казакча: «Дайдидау»
Димаш Кудайберген жазган ырлар
ГодКыргыз тилинде аталышыНуска тилинде аталышы
2018«Өкүнүч»Казакча: «Өкініш»
2017«Согуш жана тынчтык»Кытайча: 戰爭與和平
2017«Сөз соңу»Казакча: «Сөз соңы»
2017«Таттуу элес»Казакча: «Тәтті елес»
2017«Салам»Казакча: «Сәлем»
2015«Унутулбас күн»Казакча: «Ұмытылмас күн»
2014«Көркөмүм»Казакча: «Көркемім»

Тасмаграфиясы

Телеберүүлөр
Эфирге чыккан датасыАталышыКаналРолуТиркемелер
2013Обон ааламыЕл арнаАткаруучуБайкоо
24-апрель 2015Жети ырХабарАткаруучуБайкоо
15-июль 2015ТаңчолпонКазакстан ТВКонок
16-июль 2015Центр коммуникаций РККонок«Славян базарындагы» жеңишине байланыштуу пресс-конференция
24-августа 2015Исабекова365 ИнфоКонок
7-сентябрь 2015Түнкү студияКазакстан ТВКонок
25-ноябрь 2015Борбордук кабарХабарКонок
25-апрель 2016Жан сырым7-чи КаналКонок
22-май 2016ЭнелерАстана ТВКонокАпасы менен
21-июль 2016Биринчи колдонРика ТВКонокАтасы менен
январь-апрель 2017Сингер 2017Хунан ТВКонкурсантТВ-шоу
18-март 2017Бактылуу лагерьХунан ТВКонокЭстрадалык шоу
20-март 2017ТелематэнФранс 2Димаштын жылдыздуу учуусу тууралуу репортаж
21-март 2017Лез Анне БоннерФранс 2Аткаруучу
27-апрель 2017Менин жигитим — супержылдызиКИИБашкы рольРеалити-шоу
28-апрель 2017Бир күн алдаХунан ТВКонок
6-май 2017Кел ырдайбызХунан ТВКонок
24-май 2017Сюрприз дер кечеси — туулган күндүк майрамЛайв 4 ЛайвКонок
24-июнь 2017Түнкү студияКазакстан ТВКонок
9-сентябрь 2017Келе жатканТенсент ТВКонокВиктором Ма менен «Earth Song» сырын ырдаган
18-январь 2019СапарБи-би-си кыргыз кызматыКонокАтасы менен. Кыргыз-казак тилдеринде өткөн интервью.

Тиркемелер

Шилтемелер