Дюна
Дюна – шамалдын таасиринен пайда болгон кум дөбөлөр. Чөлдөрдө, көл, деңиз, дарыя жээктеринде жана башка жерлерде шамал учурган кумдун топ-топ болуп үйүлүшүнөн пайда болот. Бархандардан айырмасы тик капталдары томпок болуп, мүйүз сымал жалдары арт жагында жайгашат. Дюнанын бийиктиги 10–30 м, айрым учурда 100 мге чейин жетет. Алар өсүмдүк тамырлары менен кармалбагандыктан, жылына 1 мден 10 мге чейин (шамалдын багыты боюнча) жылат. Мындай кум дөбөлөрдүн жылышы бак-дарак отургузуу аркылуу токтотулат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч