Жаз
Жаз – кыш менен жайдын аралыгындагы жыл мезгили. Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күн-түн теңелүү мезгилинен (29- же 21-марттан) жайкы күн токтолууга (21–22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда ай 23-сентябрдан 22-декабрга чейинки убакыт. Адатта Түндүк жарым шарда жаз мезгили март, апрель, май, ал эми түштүктө сентябрь, октябрь, ноябрь айларын камтыйт. Айрыкча жаз мезгили мелүүн алкактарда (абанын температурасынын көтөрүлүшү, кар катмарынын жана агын суулардагы муздун эриши, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүүлөр жана башка) ачык байкалат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, . ISBN 978 9967-14-074-5
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч