Жашоо (тасма, 1952)

"Жашоо" (англ. Ikiru, орус. Жить) (жапончо 生きる Ikiru) - 1952-жылы Акира Куросава тарткан жана башкалар менен биргеликте жазган жапон драмалык тасма. Тасмада башкы каарманды Такеши Шимура аткарган. Тасма айыккыс ооруга чалдыккан токиолук бюрократтын жашоо маанисин издеген акыркы аракети жөнүндө баяндайт. Тасманын сценарийи жарым-жартылай түрдө Лев Толстойдун "Иван Ильичтин өлүмү" новелласына негизделген.

Жашоо (тасма, 1952)
Режиссеру Акира Куросава
Продюсер Мотоки Содзиро
Сценарийи
  • Акира Куросава
  • Синобу Хасимото
  • Огуни Хидэо
Оператору Асакадзу Накаи
Тартылгандар
  • Симура Такаси
  • Одагири Мики
Музыкасы Хаясака Фумио
Редактору Ивасита Коуйти
Жайылтуучу Toho
Чыккан жылы
  • октябрь 9, 1952 (1952-10-09)
Узактыгы 143 мүн.
Өлкөсү  Жапония
Тили Жапон

Тасма кантип жашоону үйрөнүү, бюрократиянын натыйжасыздыгы жана жапон үйбүлөсүнүн урап баратышы сыяктуу негизги темаларды козгоо менен академик жана киносынчылардын талкуусуна жакшы тема болуп берген. Тасма киносынчылардын алкышына татуу менен Kinema Junpo and Mainichi Film сыйлыктарын утуп алган. 2007-жылы тасма телекөрсөтүүгө ылайыкташтырылып кайра тартылган.

Сюжети

Тартылгандар

Шилтемелер