Жыгач уста

Жыгач уста - жыгачтан түрдүү көркөм буюм жасоочу чебер. Жыгач уста жыгаччы, түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу жана башка болуп бөлүнгөн. Жыгаччы боз үйдүн бүт жыгачтарын,түндүкчү боз үйдүн түндүгүн, ээрчи ээр, айырма чыңырчак, кырмачылар аяк, табак, чара, сүзгү, тепши, челек, чыны куту, чөйчөк, кашык, соку, сокбилек, ийик, тактачы ком, сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чийне, чарпал, комузчулар комуз, кыл, кыяк, чоор, тактеке, добулбас, жыгач ооз комуз жана башка жасашкан. Бул буюмдарды жасоого арча, кайың, терек, жаңгак, тал, өрүк, четин, кара жыгач, карагай, табылгы жана башка пайдаланылган. Жыгач устанын негизги куралдары: балта, араа, керки, байтеше, чот, бычак, ийди, аталгы, үшкү, көзөөч, тез, тарткы жана башка болгон. Ал өз үйүндөгү дүкөнүндө иштеп, бир экиден шакирт күткөн. Ар бир устанын колунан чыккан буюм чеберчилигине жараша жасалышы, кооздолушу, сапаты жагынан өзгөчөлөнүп, кимдики экени таанылып турган.

Колдонулган адабияттар