Жыл сүрүү

Жыл сүрүү – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж.б. эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда жыл сүрүү кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик жыл сүрүүсү 12 жаныбардын аты менен аталган:

  1. чычкан,
  2. уй,
  3. жолборс,
  4. коён,
  5. балык,
  6. жылан,
  7. жылкы,
  8. кой,
  9. мечин,
  10. тоок,
  11. ит,
  12. доңуз (кара кийик)

Кишинин жашын аныктаганда кайсы жылы төрөлсө ошондон баштап ирети бузулбай санала берген. Он эки жыл толук айланып, он үчүнчүгө кеткенде мүчөл жыл деп айтылган. Биринчи мүчөлдү 12 эмес, 13 деп эсептелгени адамдын курсакта жатканын кошуп эсептөөгө байланыштуу. Адамдын жашын аныктап билгендерди жыл сүргүчтөр деп аташкан. Алар төрөлгөн жылына карата жашын, жашына карата төрөлгөн жылын аныкташкан.

"Манас" эпосунда Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат:Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын, Ал эле чычкан, ал эле уй, Ал эле жылкы, а да барс Ал эле коён, ал жылан, Ал эле тоок, ал улуу, Ал эле мечин, а да кой, Ал эле доңуз, ал эле ит, Айкөлдөн калган кулунум, Өлбөй жүрсө Семетей Быйыл он экиге толгон кез (Саякбай Каралаев, “Семетей”, 1. 230).

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “донуз”аталат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь б-ча берилиши

  1. Чычкан1924193619481960197219841996
  2. Уй1925193719491961197319851997
  3. Барс1926193819501962197419861998
  4. Коён1927193919511963197519871999
  5. Улуу1928194019521964197619882000
  6. Жылан1929194119531965197719892001
  7. Жылкы1930194219541966197819902002
  8. Кой1931194319551967197919912003
  9. Мечин1932194419561968198019922004
  10. Тоок1933194519571969198119932005
  11. Ит1934194619581970198219942006
  12. Донуз1935194719591971198319952007


Колдонулган адабият

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
Чычкан199620082020203220442056206820802092
Уй199720092021203320452057206920812093
Барс199820102022203420462058207020822094
Коён199920112023203520472059207120832095
Улуу200020122024203620482060207220842096
Жылан200120132025203720492061207320852097
Жылкы200220142026203820502062207420862098
Кой200320152027203920512063207520872099
Мечин200420162028204020522064207620883001
Тоок200520172029204120532065207720893002
Ит200620182030204220542066207820903003
Донуз200720192031204320552067207920913004
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003.

Байланыштуу макалалар

Интернеттеги шилтемелер