Кабат (геологияда)

Кабат (геологияда) – чөкмө, жанартоо, кээде метаморфизмделген тектердин иреттүү катмарланышы. Бир нече кмге созулуп, калыңдыгы ондогон мге жетет. Катмарды түзүүчү ар бир кабат бир түрдүү тектен туруп, өзүнчө петрогр., гранулометриялык, литол. өзгөчөлүктөргө ээ. Бири-бирине акырындык менен же кескин өтөт. Үстүндөгү Каба жабуусу, астындагысы таманы деп аталат. Талаа шартында геологиялык кесиндилерди түзүүдө зор жардам берет.

Колдонулган адабияттар