Климатология
Климатология медициналык - медицина илиминин адам организмине климат менен аба ырайынын факторлорунун тийгизген таасирин дарылоо максатында пайдалануу методдорун изилдөөчү тармагы.
Климатология түрдүү табигый дүүлүктүргүчтөрдүн физикалык, химиялык жаратылышын, көнүмүш жана көнбөгөн климатта адамдын организминде табигый дүүлүктүргүчтөн болуучу физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөрдү, оорулардын географиялык таралышын (к. Медициналык география), оорунун өөрчүшүнө географиялык факторлордун таасирин изилдейт.
Бул илимдин өнүгүшүнө орус климатологу жана метерологу анын ичинде Воейков чоң салым кошкон. Климатологиянын өнүгүшү менен андан климатофизиология, климатопатология, климатотерапия, медициналыкметеорология тармактары бөлүнүп чыкты.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч