Криптография
Криптография – (крипто... жана ...графия) – берилишти жана кабарды коргоо технологиясы, чыгармачылыгы жана илими. Криптография берилиштер үчүн жашыруундуулук, бүтүндү жана аныктуулукту текшерүүнү камсыз кылат. Криптографияда ачык ачкычты колдонуу жолу кеңири белгилүү. Ал жолдо Криптография ыкмасы болуп эки башка ачкыч колдонулат: биринчиси берилишти шифрлөө үчүн ачык ачкыч жана экинчиси – чечмелөө үчүн жабык ачкыч. Ачык ачкычты колдонгон Криптография асимметриялуу Криптография деп аталат. Бул Криптография үчүн стандарттар тобу кабыл алынган. Стандарттар RSA Data Sekurity, Inc компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана учурда ал өркүндөтүлүүдө.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч