Күү
Күү – жыгачтан жасалган челек. Ичине куюлган майлуу сүттөн бишкек менен бышып отуруп, ак май ажыратылып алынган. Ооз жагы кууш келип, узундугу 60–80 см, түбүнүн айланасы 70–80 см, ооз жагыныкы 50–60 см болгон. Бишкеги жумуру таякчадан жасалган; учуна жазылыгы 2–3 см, узундугу 15–18 см жыгач ашталып, кайчылыш бекитилген.
Колдонулган адабият
- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
Интернеттик шилтемелер
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч