Көгөй

Көгөй«Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Манастын түпкү аталарынын бири. Түбөйдүн уулу, Ногойдун атасы. Манас же Манастын туугандары тууралуу санжырада айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 33, 302). Бул антропоним «көк» жана «ай» деген сөздөрдүн айкалышынан түзүлгөндүктөн («көк» «ай» — «көгөй») эпостогу байыртадан бери сакталып келаткан ысымдардан. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдер байыртан жер-сууну, тоо-ташты, ай-күн, жылдыздарды, көктү, отту ыйык тутуп, балдарына да ушуга байланыштуу ысымдарды ыйгарышкан. Көптөгөн антропонимист-түркологдор да мындай типтеги ысымдарды байыркы деп эсептешет.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4