Литавра
Литавра (гр. pole – көп жана taurea – доол) – оролмо баштуу таякча менен уруп ойномо байыркы музыкалык аспап. Туулга сыяктуу чоң тулкусунун түбү добуш күчөтүү үчүн оюлуп коюлат. Европада 15- кылымдан бери белгилүү. 17-кылымдан аспаптык оркестрдин курамында колдонулуп келе жатат. Литавра жез, латунь же алюминийден казан түспөлдүү жасалып, үстү жаргак тери менен капталат, кырындагы бурама аркылуу үндөштүрүлөт. Күңгүрөгөн жаңырык добуштуу. Оркестрде ар түрдүү үндөштүрүлгөн 2–5 же андан да көп литавра болот.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч