Люпин
Люпин (лат. Lupinus), бөрү буурчак – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп, чала бадал, чанда бадал. Жалбырагы демейде манжа сымал. Гүлү түркүн түстө. Люпиндин 100гө жакын (башка маалымат боюнча 200дөй) түрү эки жарым шардын мээлүүн алкагында, негизинен Түштүк жана Түндүк Америкада, Жер ортолук деңиз жээгинде, КМШ өлкөлөрүндө (5 түрү) кездешет. Ошондой эле тоюттук сары люпин эгилет. Анын жашыл массасы – малга сиңимдүү тоют. Бир га жердеги люпинден 300–400 ц жашыл масса, 15 цдей дан алынат. Көп жылдык люпиндин бийиктиги 1,5 мдей. Сабагы тик, гүлү ар кандай, суукка байымдуу. Ал көк жер семирткич катары пайдаланылат. Люпиндин айрым түрлөрү кооздук үчүн да өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч