Мейтнерий

Мейтнерий (Meitnerium, Mt) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIIIВ группа элементи. К. н. 109, ат. м. 266; туруктуу изотоптору жок. Хим. касиети б-ча иридий аналогу деп болжолдонот. ИЮПАП жана ИЮПАК кызматкерлеринин пикири б-ча №109-элемент 1987-ж. Г.Мюнценберг жана анын кесиптештери (Дармштадт, ФРГ) тарабынан алынган жана алардын сунушу б-ча австриялык физик жана радиохимик Лизе Мейтнер урматына М. деп коюлган. М. хим. бирикмелери жана колдонулушу ж-дө маалыматтар белгисиз.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6