Ноокат
Ноокат (2003-жылга чейин — Эски-Ноокат) — Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат районундагы шаар. Ноокат районун административдик борбору. 2003-жылы шаар макамы ыйгарылган.
Шаар | |
Ноокат | |
Өлкө | Кыргызстан |
---|---|
Облус | Ош облусу |
If: | Ноокат району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +6 |
Ош шаарынан 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаары Эски-Ноокат айылдык кенешинин ордунда уюшулуп, азыркы Гулистан, Мирмахмудов айыл аймактарынын айрым жерлери кошулуп олтуруп Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы № 214 мыйзамынын негизинде райондук денгээлдеги шаар статусун алган. Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Калкынын саны 15 521 адам. 12ден ашуун ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Жалпы аянты 3,58 кв.м. Шаар башкармалыгы: Ноокат шаар мэриясы. Дареги: Лутфуллаев 5. Байланыш телефону 5-00-45. Факс 5-10-94. Почталык индекси 715330. Ноокат шаар мэриясындагы жалпы кызматкерлердин саны 33. Аппараттык курам:20. Шаардык Кенештеги депутаттардын саны: 21.
Калк
Калкы — 14 371 киши (2009-жылы)[1].